102 миллион кыз-келин. Дүйнөдө чылым чеккен аялдар азайып бара жатат

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүКурение в общественных местах
Курение в общественных местах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюм бул жерде чыгым деген түшүнүккө кадимки тамекилерден тышкары, электрондук тамекини дагы киргизди.

БИШКЕК, 22-дек.  — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун докладына таянсак, 2020-2025-жылдары дүйнө жүзү боюнча чылым чеккен адамдардын саны азаят.

Уюм бул жерде чыгым деген түшүнүккө кадимки тамекилерден тышкары, электрондук тамекини дагы киргизди.

Маалыматка караганда, акыркы 20 жылда чылым чеккендердин саны 60 миллион адамга чейин азайган.

"Бул жаман адаттан арылгысы келгендер негизинен аялдар. 2000-жылдан ушул убакка чейин 102 миллион кыз-келин тамекиден баш тартты. 2025-жылга чейин бул сан дагы 32 миллионго өсөт деген божомол бар", — деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык саламаттык сактоо борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн серепчиси Адилет Досмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Досмамбетов: электрондук тамекиден өпкө химиялык күйүк алат
Саламаттыкты сактоо уюмунун пикиринде, дүйнөнүн ар бир мамлекети чыгымга каршы саясатын иштетсе, 2020-жылы тамеки тарткандардын саны планета жашоочуларынын 22,8 пайызын түзөт. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 20 пайызга түшүп калышы керек.

Бирок чылым чеккендердин саны азайганы менен андан ооруп калгандардын саны ошол эле бойдон калууда. Анткени чылымдын зыяны адамга дароо эмес, бара-бара билине баштайт. Расмий маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 8 миллионго чукул адам дал ушул никотиндин айынан көз жумат.

Жаңылыктар түрмөгү
0