Россияда суроо-талап күч болгон кесиптердин тизмеси жарыяланды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүСети "Лента" в Москве
Сети Лента в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын илим-изилдөө эмгек институтунун адистери рейтинг түзүү үчүн 20 миңден ашык компаниядан сурамжылоо жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Россияда суроо-талап эң эле күч кесип — сатуучу-кассирлер. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Россиянын илим-изилдөө эмгек институтуна таянып кабарлады.

Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт жумушсуздук көбөйгөнүн айтты. Сап башында Жалал-Абад турат
Маалыматка ылайык, рейтингдин экинчи жана үчүнчү сабына ашпозчу менен кесиптик окуу жайларга билим берген мугалимдер илинген. Россияда юрист, соцкызматкер, сатып алуу боюнча адистер, кошумча билим берген педагогдор жана медайымдарга талап күч.

Илим-изилдөө эмгек институтунун адистери рейтинг түзүү үчүн 20 миңден ашык компаниядан сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Илим-изилдөө эмгек институтунун маалыматтары Эмгек министрлиги жарыялаган тизмеден айырмаланарын "Известия" баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0