Өзүн эр ойлоп жүрүп... Американын алсыраган артиллериясы

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүВ Польше размещен батальон НАТО
В Польше размещен батальон НАТО - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ илимге болуп көрбөгөндөй акча салып, дүйнөдөгү "мээлерди" сатып алуудан да кайра тарткан жок. Прогресстин жаңы жетишкендиктеринин негизинде аскердик иликтөөлөргө басым жасады. Натыйжасына колумнист Ирина Алкснис көз салып көргөн.

RAND Corporation аналитикалык борбору АКШнын Куралдуу күчтөрүнөн дагы кынтык таап, Американын талаа артиллериясы Россияныкына караганда алсыз деген бүтүмгө келди.

Демек, адистери Россиядан аскердик-техникалык өнүгүү жаатындагы артта калганын мойнуна алып, түзгөн тизмесине дагы бир пункт кошулду. Америкалык аскер адамдары менен эксперттерин көбүнесе радиоэлектрондук согуш, абадан кол салууга каршы туруу, гиперүндүү курал, танк куруу, керек болсо космоско чейинки маселе түйшөлтүп келери маалым.

Түндүк агым-2 долбоорунун курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ "Түндүк агым-2" долбооруна каршы санкция киргизди. Россиянын жообу
Ушу тапта биз АКШнын абсолюттук гегемониясы учурунда жаралган уламыштын кыйроосуна күбө болуп жатабыз. Ал кезде дүйнөнүн басымдуу бөлүгү абал ошол боюнча калат деген ойдо болчу. Буга америкалыктардын болгон-бүткөн нерседеги лидерлиги себеп эле. Дал ушул илимий-техникалык же аскердик-техникалык багыттагы жетишкендиги даңаза болуп келген.

Албетте, 15-20 жыл мурда мындай көз караш кадыресе мыйзам ченемдүү экенин моюнга алыш керек.

Бүгүнкү күндө илим алдыга чоң кадам таштап, татаал да, кымбат да болуп калды. Азыр кайсы бир багыт боюнча билиминин, тажрыйбасынын аздыгын же жетишсиздигин көрсөтүп койгон мамлекет четте кала берет. Орду толгус жоготууга учурайт, кайра кайтууга дээрлик жол болбойт. Бул көз караштан алып караганда АКШ илимге болуп көрбөгөндөй акча салып, дүйнөдөгү "мээлерди" сатып алуудан да кайра тарткан жок. Прогресстин жаңы жетишкендиктеринин негизинде аскердик иликтөөлөргө басым жасады.

Албетте, мындай кырдаалда көпчүлүктүн эми Вашингтон кууса жеткис алдыда кетти деп эсептегенин түшүнсө болот. Кызыгы, буга америкалыктардын өздөрү да бекем ишенип алган. Эксперттер да, жогорку кызматтагы адамдар да ушул пикирде болуп, мамлекеттин саясаты да ушуга карап түзүлгөн.

RAND Corporation артиллерия туш болгон көйгөйлөрдү ачык эле жазып чыкты. 2000-жылдардын башынан тарта америкалык аскерлер көтөрүлүшчүлөр менен кармашууга басым жасап, башкы күч катары авиацияны колдонуп келишкен.

Акыркы он жылдыкта Пентагон менен НАТО үчүн көндүмгө айланган аскердик аракеттердин форматы төмөнкүдөй:

Армия США в Литве - Sputnik Кыргызстан
Башкы штабдан НАТОнун масштабдуу чырга даярдыгы туурасында билдирүү кылышты
а) кезектеги өлкөнүн аскердик, аны менен бирге жарандык инфраструктурасын, ири армиялык тайпаларын бомбалоо. Ракета чабуулунан коргонуу системасы ал кезде жок болгондуктан, америкалык учкучтар эч нерседен коркпой, ээн-эркин жүрчү.

б) андан кийин абадан же жердеги чаканыраак операциялар менен чабуул коюп, Калашников автоматы менен ары-бери чуркап каршылык көрсөткөндөрдү биротоло баш көтөргүс кылган.

Эми мындай аракеттер жакшы натыйжа бербей калды. Бул Вашингтондун өзү үчүн да күтүүсүз жаңылык болду. Океандын ары жагындагы эксперттер артиллерия алсырап, Россияныкынан кыйла артта калып жатканын айтышууда. Бул артиллеристтердин санынын кыскарышынан да, Москванын артиллериялык каражаттарын кыйла өнүктүргөнүнөн да болуп жатат.

Турмуш түбөлүктүү эч нерсе болбой турганын, кандай гана күчтүү империя болбосун, ал түшпөс хан боло албай турганын көрсөттү. Мындай жагдай аскердик багытка биринчи кезекте тиешелүү.

Көндүм түшүнүк, стереотип бир заматта кыйрап түштү. Буга мисалдар жетиштүү. "Дүйнөлүк чогултуучу цех" абалында жүрүп, өзүнүн илимий, технологиялык, анын аркасынан аскердик-техникалык мектебин түзгөн Кытайды алсак болот. Бир нече стратегиялык тармакка гана басым жасоону чечип, ушу тапта дүйнөлүк лидер болуп чыга келген Москва бар. Ракета курам деп он жылдап күлкүгө калган Түндүк Кореяны алып көрөлү. Пхеньянды карап азыр эч кимдин күлөйүн деген ою жок. Өзгөчө япондор менен америкалыктар кыйналып турат.

АКШнын жана Түркиянын президенттери Дональд Трамп жана Реджеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимдин чыдамы биринчи кетет. Эксперт Түркия менен АКШ алакасына баа берди
АКШнын "кокуй алат, өлдү эле өлдү" деген аскерий эксперттердин отуна Пентагон май чачып турат. Ал курал-жарак иштеп чыгууга бөлүнгөн каражатты жана жалпы бюджетти көбөйтүүгө кызыкдар. Бирок мындай кырдаал ошол эле эксперттердин реалдуулукту, америкалык аскердик машинанын алсырап бара жатканын көзгө сайып көрсөтүп туруусуна бөгөт коё албайт.

Баса, жагдайды татаалдаштырган дагы бир нерсе бар. Дүйнөнү чимирип, өзүнө бекем ишенип турган маалында америкалык система бюджеттик акчаны чачып салып, анын натыйжасын, пайдасын көрө албай калган кемчиликти мурастап алган.

Албетте, RAND Corporation жана Пентагондун айланасындагы уюмдар муну көп айта беришпейт. Аларды да түшүнсө болот. Ким эле отурган бутагын кыйып салгысы келсин.

Жаңылыктар түрмөгү
0