Баары жата калышты! Аарылар футболчуларды кубалап, оюнду бузган видео

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутболчулар. Архив
Футболчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Танзания өлкөсүндө болгон "Янга" жана "Иринга Юнайтед" командаларынын ортосундагы оюнда кокусунан эле футболчулар менен калыстар жерге жата калышкан.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Танзанияда жапайы аарылар көз карандысыздык кубогунун мелдеши учурунда футболчуларга кол салды.

Видео Twitter баракчасына жүктөлгөн.

​Оюн талаасында "Янга" жана "Иринга Юнайтед" командалары беттешкен. Видеодон кокусунан эле футболчулар менен калыстар жерге жата калышканын көрүүгө болот. Ал эми күйөрмандар ордунан туруп кетип башташкан. Көрсө, мелдеш аянтына жапайы аарылардын тобу учуп келип, спортчулар андан качканга мажбур болуптур. 

Аарылар учуп кеткенден кийин оюнду улантышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0