Россиялык атактуу актриса Анастасия Заворотнюк. Архив

Туугандары уруксат ала алган жок. Заворотнюк Жаңы жылды ооруканада тосот

115
Ден соолугунан улам атактуу актрисага Жаңы жылды үйүнөн, жакындары менен тосууга дарыгерлер уруксат беришкен эмес.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Россиялык атактуу актриса Анастасия Заворотнюк жаңы жылды өзү дарыланып жаткан клиникада тосо турган болду.

Дарыгерлердин айтымына караганда, анын абалы оор болгондуктан, Жаңы жылды үйүнөн тосууга дарыгерлер уруксат беришкен эмес. Жакын туугандары эс алуу күндөрүндө жанында боло албай турганы Mash Telegram-каналында кабарланды.

"Туугандары майрамды Заворотнюктун үйдө тосушуна аракет кылып, суранганы менен дарыгерлерден уруксат ала алышкан жок", — деп жазылган маалыматта.

Заворотнюк майрамды ооруканада тоскону менен жакындары ага каалаган учурда барып, көрүп турганга уруксат алган.

Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун мээ рагына кабылганы тууралуу август айында билинген. Кийинчерээк дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.

Ноябрь айында үй-бүлөнүн жакыны, "Ласковый май" тобунун продюсери Андрей Разин Заворотнюктун абалы жакшыра баштаганын айткан.

115
Белгилер:
Жаңы жыл, оорукана, рак, Анастасия Заворотнюк, Россия
Тема:
Анастасия Заворотнюк кабылган дарт (22)
Тема боюнча
Россиялык продюсер Заворотнюктун учурдагы абалы тууралуу айтып берди

Тизелеп, тилектештикти билдирип… АКШ полициясынын видеосу

47
Американын Де-Мойн шаарындагы нааразычылык акциясы жүрүп жаткан маалда полиция эл алдында тизелеп турду.

Муну менен тартип коргоочулар акцияга чыккандарга тилектештигин билдирип, расизмге жана адилетсиздикке каршы экендигин билдиришкен.

Шаар администрациясынын айтымында, митинг коменданттык саат алдында болгон. Ага катышкандар өздөрү эле үйүнө кайтышкан.

46 жаштагы афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен чатактын мизи кайта элек. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Флойдду өлүмгө дуушар кылган полиция кызматкерлерин катуу жазалоону талап кылышууда.

47
Белгилер:
видео, нааразычылык акциясы, полиция, АКШ
Тема боюнча
Америкалыктар бизнесин мародерлордон курал менен коргоп жатат. Видео
Өмүрүн тобокелге салып тартышкан. АКШдагы башаламандыкты баяндаган 12 сүрөт
Телефон колдонуп жаткан кыз. Архив

Телефон тыңшоодо экенин кантип билүүгө болот. Адистин кеңеши

456
(жаңыланган 11:23 04.06.2020)
Тыңшоочу аппараттын түрлөрү көп, алар легалдуу жана легалдуу эмес деп бөлүнөт. Бирок муну тактоо оңой эмес.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Телефонго ээси орнотпосо да кошумча программалык камсыздоонун кирип калганы аппараттын тыңшоодо экендигинен кабар берет. Бул тууралуу TelecomDaily маалымат-аналитикалык агенттигинин башчысы Денис Кусковдун айтканына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, уюлдук аппараттын өзүнөн өзү өчүп-күйүп, колдонулбаса деле кубаттуулугу түгөнө бергенинде да мандем бар.

Кусковдун айтымында, тыңшоочу аппараттын түрлөрү көп, аларды легалдуу жана легалдуу эмес деп бөлүүгө болот. Бирок муну билүү оңой иш эмес, ал үчүн кымбат аппарат керектелет.

Ошондой эле смартфондун кубаттуулугу бат эле түгөнүп калса, демек кайсы бир программа фондук режимде иштеп жатат. Муну дагы тактап алуу керек.

456
Белгилер:
программа, аппарат, телефон
Тема боюнча
Кооптуу делген смартфондор аталды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов

Боронов: аймакка каттаган ар бир жүргүнчүнүн телефон номерин жазып калгыла

0
(жаңыланган 13:34 04.06.2020)
Биринчи вице-премьер облустарга кетип жаткан жүргүнчүлөрдүн ар бири тизмектелип, телефон номерлери жазыла турган китепче ачуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Үй карантиндегилерди көзөмөлдөө үчүн алардын бардыгынын уюлдук телефонуна мобилдик тиркеме жүктөлүшү керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бергендигин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Муну менен катар Боронов карантиндик эрежелерди эске алуу менен туристтик сезонго даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

"Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туристтик сезонго дыкат даярдык көрүүгө тийиш. Бул багыттагы иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгышы зарыл", — деген Боронов.

Биринчи вице-премьер жергиликтүү бийлик органдарына 5-июндан тарта аймактар аралык коомдук транспорттун иши жанданарын эскертти. Бир облустан экинчи аймакка өтүп жаткан ар бир жүргүнчүнү катуу көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.

"Вирустун жайылышын алдын алуу үчүн башка облустарга кирип жаткан жарандарды көзөмөлдөө иши күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактарга барып жаткан ар бир жаранды тизмектеп, телефон номерлери жазыла турган китепче ачуу керек", — деди ал.

COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 1899га жетип, бүгүн, 4-июнда, 28 кишиден аныкталды.

Ал эми жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

0
Белгилер:
эреже, көзөмөл, коронавирус, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жээнбеков облус жана шаар жетекчилери менен онлайн-жыйын курууда
COVID-19: Чолпон-Атада вирусологиялык лаборатория ачылат