Семиз кишинин архивдик сүрөтү

Экинчи типтеги кант диабетин басаңдатуучу диета табылды. Жаңы иликтөө

1011
Экинчи типтеги кант диабети 40 жаштан өткөндөн кийин башталып, көбүнесе семирүүдөн улам пайда болот. Мунун негизги себеби инсулиндин жетишсиздиги болуп саналат.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Экинчи типтеги кант диабети менен жабыркагандардын тамак-аш рациону көбүнесе суюк азыктардан турганы жакшы. Мындай бүтүмгө Ньюкасл университетинин (Англия) окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды.

Бул үчүн окумуштуулар мындай илдетке кабылган 5 миң ыктыярчыга изилдөө жүргүзгөн. Алар бир жыл бою күнүнө 800 калорийден ашпаган диетага отургузулган. Тагыраагы, оорулуулар көбүнесе майы аз, суюк тамактарды көп ичкен", — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында ар бир он адамдын тогузунун оорусу басаңдап, абалы мурдагыдан жакшырып калганы  белгилүү болгон.

Медиктердин айтымында, экинчи типтеги кант диабети 40 жаштан өткөндөн кийин башталып, көбүнесе семирүүдөн улам пайда болот. Мунун негизги себеби инсулиндин жетишсиздиги экени айтылды.

1011
Белгилер:
инсулин, Окумуштуулар, диета, кант диабети
Тема боюнча
Кош бойлуулар үчүн мыкты диета табылды
Окумуштуулар диабет илдетине чалдыккандарга пайдалуу тамактарды сунуштады
Ымыркайлардын семирип кетүүсүнүн себеби айтылды
Семирбеш үчүн кеңседе иштегендер кандай тамактанышы керектиги айтылды
Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий

Мамдума депутаты: орус тили КРде жашаган улуттардын пикир алышкан негизги тили

156
(жаңыланган 18:15 26.11.2020)
Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik, Мария Науменко. Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий Кыргызстанда орус тилинен расмий тил макамын алып салуу идеясына каршы пикирин билдирди.

"Бул чагымчылдык, анткени орус тили —  Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын пикир алышуусуна жардам берген негизги тил. Менимче, мындай чагымчылдык пикирлерге алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор чекит коет", — деди депутат.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Мындай пикирин ал "кыргыз жаштары эне тилинде сүйлөбөй калды" деп түшүндүргөн.

"Россия — Кыргызстандын негизги саясий өнөктөшү. Орус тилинен баш тартуу, демек, өз мамлекеттүүлүгүн бузуу. Эгер бул маселе референдумга коюлса, Кыргызстанда жашаган элдин 99 пайызы анын макамын сактап калууга добуш берет деп ойлойм", — деди Водолацкий.

Кыргызстанда мамлекеттик тил — кыргыз тили, ал эми орус тили расмий тил макамына ээ.

Эске салсак, ушу тапта Кыргызстанда Констититуциялык кеңешме иштеп жатат. Ал Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөн.

156
Белгилер:
депутат, пикир, макам, орус тили, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Кыргызстан жана Россиянын желектери. Архив

Президенттик аппарат орус тилинен расмий макамын алуу сунушу боюнча үн катты

324
(жаңыланган 18:11 26.11.2020)
Конституциялык кеңешмеде Садирдин Төралиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн расмий тилди алып салууну сунуштаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов Конституциялык кеңешмеде орус тилинин расмий макамын алып салуу боюнча айтылган сунуш боюнча комментарий берди.

Кеңешменин жыйынында мүчөлөрдүн бири Садирдин Төралиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн Конституциядан расмий тилди алып салууну сунуштаган.

"Бул тек гана Садирдин Төралиевдин көз карашы. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү ар тараптан чогулган, ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул бир адамдын гана ою, жыйынтыгында баары бир пикирге келет деп ишенебиз. Президенттик аппаратта орус тилинин расмий макамын алып салуу идеясы каралган эмес", — деди Анаркулов.

Учурда Кыргызстанда кыргыз тили — мамлекеттик, орус тили — расмий тил макамына ээ.

324
Белгилер:
президенттик аппарат, расмий, макам, орус тили
Тема боюнча
Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды
Конституциялык кеңешменин курамы өзгөрдү. Жаңы кошулган 10 адамдын тизмеси
Нарын облусундагы айыл. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
27-ноябрга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-Ноя. — Sputnik. 27-ноябрь, жума күнү, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Республиканын башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын темпетарутасы Чүйдө +6...+11, Талас өрөөнүндө +5...+10 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл ойдуңунда +3...+8, Нарын жергесинде -2...+3 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын болбойт, күндүн табы +8...+10 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү