Тараканга операция жасалып, ал тургай наркоз колдонулду. Красноярскидеги окуя

Жазылуу
Кожоюну тараканды такыр эле жаман абалда алып келгендигин, эгерде операция болбосо, анысы өлүп калмактыгын ветеринар дарыгер айтып берген.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Красноярск аймагында ветеринарлар таракандын ургаачысына операция жасагандыгын РИА Новости жазды. 

Бул маалыматты алар жергиликтүү ветеринардык клиниканын дарыгеринен алган.

Медик клиникага таракандын ээси кайрылгандыгын, медиктер кеңешип операция жасоону чечишкенин айтып берген.

"Операцияны биздин клиниканын дарыгери Дания Пух жасап, мен ассистент болдум. Буга чейин мындай нерсени жасап көргөн эмеспиз. Ургаачы таракандын куурчакчасын алып салдык. Ал архимандрит-таракандын болочоктогу баласы түйүлүп, өсө турган жери. Таракан төрөгөндөн кийин куурчакча түзөлүп, калыбына келбей койгон. Буга кошумча, өнүкпөй калган дагы бир нече личинкалары калыптыр. Бизге кожоюну аны такыр эле жаман абалда алып келген, эгерде операция жасалбаса, өлүп калмак", — деп айтып берген дарыгер.

Ал тараканга наркоз берилгендигин кошумчалады.

"Азыр биздин "пациент" үйүндө", — деген ал. Архимандрит-таракан — Түштүк Америкада жашаган жандыктардын бир түрү. Мекени Коста-Рика жана Панама. Узундугу 75-85 миллиметр ( көлөмү чоңдорунуку — 100 миллиметрге жетет). Булар сейрек кездешкен курт-кумурскалардын түрүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0