Трамп "Один дома — 2" тасмасына тартылган учуру тууралуу айтып берди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Японию для участия в саммите "Группы двадцати"
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Японию для участия в саммите Группы двадцати - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1992-жылы тартылган фильмде Трамп өзүн-өзү ойногон. Кичинекей эпизодунда ал башкы каарман, жоголуп кеткен Кевинге жардамдашат. Тактап айтканда, балага мейманкананын холлуна кантип киришти түшүндүрүп берет. Эпизод 10 секундга созулган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп "Один дома — 2" тасмасына тартылып калганына сыймыктана турганын айтты.

​Трамп тасмага тартылганы боюнча Флоридадагы резиденциясында аскер кызматкерлери менен видео аркылуу байланышып жатып айткан. Баарлашууну C-Span телеканалы көргөзгөн.

"Тасмага тартылганым боюнча жыл сайын Рождество учурунда баары сурайт. Айрыкча жаш балдар "сизди кинодон жаңы эле көрдүм" деп айтышат. Мен телевизорго мындай көп чыкканымды байкашпайт, ал эми тасмадан дароо маани беришет. Бул фильмге тартылып калганыма сыймыктанам", — деди Трамп.

1992-жылы тартылган фильмде Трамп өзүн-өзү ойногон. Кичинекей эпизодунда ал башкы каарман, жоголуп кеткен Кевинге жардам берет. Тактап айтканда, ага мейманкананын холлуна кантип киришти түшүндүрүп берет. Эпизод 10 секундга созулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0