Дүйнөдө кайсы смартфон эң көп сатылууда. Изилдөө

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСтарт продаж новых iPhone в России
Старт продаж новых iPhone в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө ылайык, популярдуу смартфондордун катарына Oppo A9, A5s жана A5, Xiaomi Redmi A7 менен Huawei P30 да кирген.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Counterpoint Research компаниясынын аналитиктери дүйнөдөгү эң популярдуу он смартфонду тизмектеди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Презентация новых моделей смартфонов iPhone в Купертино - Sputnik Кыргызстан
Жаңы iPhone смартфондору чыкты. Мурдагыдан айырмасы эмне? Видео
Ага ылайык, 2019-жылдын үчүнчү кварталында iPhone XR үлгүсүндөгү смартфон эң көп сатылып, ал дүйнөлүк сатыктын үч пайызын түздү. Ал эми Apple компаниясынын iPhone 11 смартфону бешинчи орунда турат.

Рейтингге экинчи жана үчүнчү орунга Samsung Galaxy A10 менен A5 смартфондору татыды. Алар дүйнөлүк базардын 2,6  жана 1,9 пайызын ээлеген. Ошондой эле Samsung компаниясынын Galaxy A20 смартфону жетинчи орунга чыккан.

Мындан сырткары, популярдуу смартфондордун катарына Oppo A9, A5s жана A5, Xiaomi Redmi A7 менен Huawei P30 да кирген.

Жалпы аталган смартфондор дүйнөлүк базардын 17 пайызын багындырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0