Трамп Путинге чалып, Россияда пландалган терактылардын алдын алууга жардам берди

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Японию для участия в саммите "Группы двадцати"
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Японию для участия в саммите Группы двадцати - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ менен Россиянын президенттери террорчулукка биргеликте күрөшүүнү улантмай болушту. Путин Трампка америкалык атайын кызматтардын берген маалыматы үчүн ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен телефон аркылуу баарлашканын РИА Новости жазды.

Сүйлөшүү Москва тараптын демилгеси менен болду. Путин атайын Россияда пландалып жаткан терактылардын алдын алууга жардам берген атайын кызматтардын маалыматы үчүн Трампка ыраазычылык билдирди.

Президенттер өз ара кызыкчылык туудурган бир катар маселелерди талкуулап, террорчулук менен биргеликте күрөшүү аракеттерин улантууну макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0