Россияда колу сынган эркек ооруканадан "кош бойлуу" болуп чыкты. Видео

© Sputnik / Александр Онопа / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боровичи шаарынын тургуну колун сындырып алып, ооруканага кайрылган. Ал жактан операция жасалып, үйүнө чыгып барганда жубайы медиктер жазып берген маалымкатты көрүп таң калган.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Россиянын Новгородск облусунун тургуну Юрий Сливка кырсыктап ооруканага түшүп, ал жактан кош бойлуу деген диагноз менен чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Боровичи шаарынын тургуну колун сындырып алып, ооруканага кайрылган. Ал жактан операция жасалып, үйүнө чыгып барганда жубайы медиктер жазып берген маалымкатты көрүп таң калган. Медициналык документте Юрийдин алты айлык боюнда бар экени жазылганы айтылат. Ал кагазды сүрөткө тартып, курбусуна жөнөтүп койгон. Көп өтпөй бул тууралуу бүтүндөй шаарга белгилүү болду.

Маалыматка караганда, шаардык ооруканада оорулуулардын анализдерин алмаштырып алган учурлар көп катталат. Ал тургай бир ирет жеңил-желпи илдет менен кайрылган адамды "клиникалык өлүмгө" кабылды деп жазып коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0