Киселев Sputnik Эстонияны колдоп флешмобго катышты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев. Архив
Россия сегодня эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Эстония бийлиги Sputnik Эстониянын журналисттерине кысым көрсөтүп, полиция эгер алар иштен бошонуп кетпесе кылмыш ишин ачууну айтып коркутканы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев "Россия 1" телеканалындагы берүүсүнө сары чыптама кийип Sputnik Эстонияны колдоп чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова дагы Sputnik Эстонияны колдогон флешмобго кошулуп, брифингди сары жилет кийип өткөргөнүн белгиледи.

"Мария Захарова тилектештик кылып Sputnik агенттигинин чыптамасын кийип чыкты. Мен дагы ошенттим", — деди Киселев "Вести недели" программасынын эфиринде.

#SputnikКүч

Эстониянын мурунку премьер-министри, Таллиндин экс-мэри Элгр Сависаар - Sputnik Кыргызстан
Эстониянын экс-премьери өлкөдөгү Sputnik агенттигине жасалган кысымга каршы чыкты
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Кирилл Вышинский Sputnik Эстонияны колдогон флешмоб жарыялаган. Сары түстөгү жилет #SputnikКүч акциясынын символу болуп, англисче "Got You Covered" (Бизге таян!) деп жазылган.

Акцияга Госдуманын эл аралык маселелер боюнча комитетинин мүчөсү Евгений Примаков, публицист Армен Гаспарян, Улуттук баалуулуктарды коргоо фондунун жетекчиси, Россиянын маалыматтык коомчулугун өнүктүрүү коомдук палатасынын комиссиясынын жетекчиси Александр Малькевич да кошулду.

Буга чейин Эстония бийлиги Sputnik Эстониянын журналисттерине кысым жасап, полиция эгер алар иштен бошонуп кетпесе кылмыш ишин ачууну айтып коркутканы белгилүү болгон. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашкан.

Таллин мындай кадамын Евробиримдик 2014-жылы Украинада болгон окуялардан кийин жеке жана юридикалык жактарга салган санкцияларга негиздеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0