Москва: пенсионерге 200 рублдик витаминди 4 миң долларга сатышкан

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПрофилактика гриппа во Владивостокском государственном университете экономики и сервиса
Профилактика гриппа во Владивостокском государственном университете экономики и сервиса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициянын маалыматы боюнча, 86 жаштагы кемпирге белгисиз адам чалып, өзүн поликлиниканын дарыгери катары тааныштырган.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Москвада полиция пенсионер аялга арзан витаминди дары катары 4 миң долларга саткан алдамчыларды кармады. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын ИИМ өкүлү Ирина Волкко шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, 86 жаштагы кемпирге белгисиз адам чалып, өзүн поликлиниканын дарыгери катары тааныштырган. Ал пенсионерден коркунучтуу дарт аныкталганын айтып, атайын дары ичиши керектигин билдирген.

"Корккон аял дарыны алмай болот. Көп өтпөй эркек киши келип, ага суюк заты бар ампуланы таштап, 4 миң долларын алып кетет. Пенсионер дарыгер кайра чалбагандыктан, алданып калганын түшүнгөн", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү кармалып, абакка киргизилди. Тергөө учурунда ампуланын ичинде дары эмес эле 200 рублга жетпеген витамин экендиги аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0