Туткун Виктор Скрипник: бизди атып салгыла деп өзүбүз сурандык

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПредставители ДНР и граждане Украины, удерживаемые на территории ДНР и ЛНР, на КПП на окраине города Горловка в Донецкой области, где должна произойти процедура обмена удерживаемыми лицами между самопровозглашенными республиками и Киевом.
Представители ДНР и граждане Украины, удерживаемые на территории ДНР и ЛНР, на КПП на окраине города Горловка в Донецкой области, где должна произойти процедура обмена удерживаемыми лицами между самопровозглашенными республиками и Киевом. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДЭР жана ЛЭР тарапка өткөрүп берилген туткун Виктор Скрипник болду. Аны Украина бийлиги террорчулукка күнөөлөп, бирок күнөөсүн 5 жыл бою далилдей алган жок. Себеби иш башынан эле куру доомат болгон.

Ал РИА Новостиге украиналык күч түзүмдөрү кармалгандарды кыйнагандарын, Украинанын коопсуздук кызматынын улуттук "Азов" батальону менен кызматташаарын айтып берген. Андан сырткары, Украинанын мамлекеттик машинасынын өз аскерий кызматкерлеринин кылмыштарын изилдөөгө көңүлү жок экендиги боюнча да кеп салган.

- Туткунга кантип түшүп калганыңызды жана бошотулганга чейин кайда болгонуңузду айтып берсеңиз?

- Мен 2014-жылдын сентябрынан тарта Мариуполдо тергөө абагында кармалып турдум. Адамдар каза болгон окуядан улам террорчулукка күнөөлөнүп туткунга түштүм. Ал 2014-жылы Мариуполдо 9-майдагы окуяларга байланышкан. Бул жылдары кесилген жокмун, айып тага алышпады, далилдер да болгон жок. Кудайга шүгүр, бизди ал жактан сууруп чыгышты, болбосо бошонууга башка мүмкүнчүлүк жок эле.

- Беш жыл бою тергөө абагында отурдуңузбу?

- Ооба.

- Кармалган учурда Донецк Элдик Республикасындагы референдумга кандайдыр бир тиешеңиз бар беле?

Түндүк агым — 2 түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Forbes басылмасы "Түндүк агым — 2" долбооруна коюлган санкцияларга баа берди
- Албетте. Донецкинин Украинадан бөлүнүшү боюнча активдүү позициям бар болчу. Негизинен аймагыбыздагы башкалардай эле колдоп, бардык митингдерге катышып келгенбиз. Украинанын күч түзүмдөрү чектен чыгып кетти, кан төгүлгөндө активдүү катышып, республиканы коргоону чечтик. Кармаган алгачкы учурлары эки жумадай Коопсуздук кызматынын жер төлөсүндө болдук. Бул күндөрү баштан-аяк кыйноого кабылдык. Кызыгы, ал кандайдыр бир маалыматты алуу үчүн болгон жок. 2014-жылдын жай айында болгон, Украинанын ыктыярдуу батальондору менен күч түзүмдөрү жасаган кылмышты бизди жасады деп, мойнубузга алдырууга аракет кылышты. Баарын бизге илгенге ниеттенишкен.

- Алар кандай кылмыштар эле, кайсы күнөөнү силерге оодара салууну көздөштү?

- Негизинен бул кутумчулук жараткан аракеттер болгон: 9-майда Ички иштер башкармалыгынын алдындагы атуу. Анда милициянын кызматкерлери, шаардын ар кайсы жагынан келген жай адамдар бар эле. Майрамдык жүрүшкө чыккандар атылып, полициянын имараты жок кылынган.

- Мариуполдун аэропортундагы түрмө боюнча эмне билесиз?

- Бактыга жараша, мен ал жакка түшкөн жокмун. Мариуполдун аэропортундагы абакка түшкөндөрдүн арасынан тирүү калгандар аз эле. Бизге көрсөтмөлүү сот уюштурууну каалашкан. Бул пиар кылуу эле эмес, пропаганда машинасы алар тарапка ойношу керек дегендик болчу. Бизди аэропортто тытмалоого салып бербей, тирүү кармап турушту. Бирок Коопсуздук кызматынын жер төлөсүндө жатканда аба майдандан алып келинген, өтө жабыр тарткандарды көрдүк. Аларды же алмашууга, же кандайдыр бир тергөө иштерине даярдап жатышкан. Сүйлөөгө алы келгендер биз менен пикир алышууга жарады. Майда-чүйдөсүнө чейин сурадык, аларда да бир нерсени айтып калайын деген ниеттери бар болчу. Себеби жакын арада курман болушу мүмкүн экендигин билишкен.

- Эмнени айтып беришти?

- Тилекке каршы, аты-жөнүн билбей калдым, шал болуп калган бир жигит бар эле. Мындай карасаң, сөөгү менен териси эле калган. Ушунчалык жеттигип, бүтүп калгандыктан араң сүйлөчү. Андан алты метрден да терең аң казылгандыгын билдик. Туткундарды ошол жакка ыргытып турушчу экен. Көзү скотч менен байланса деле, ал жерден көп, абдан көп өлүктөрдүн жатканын сезгендигин айтып берди. Кирпич жана шлактан жасалган блоктор менен урушкан. Бул жигитти да өлтүрүүгө ниеттенишип, бирок анын украиналыктарда туткунда калганын угуп, алмашууну талап кылышкан. Ошондон улам аңдан сууруп чыгышып, эсине келтиргенге аракеттенишиптир. Мендеги маалыматтарга караганда, аны өткөрүп беришкен. ЖМКлардан окудум, алмашылгандан кийин көпкө жашабай, каза болуп калыптыр.

- Бул эки аптада эмне кылышты?

Брифинг официального представителя МИД России М. Захаровой - Sputnik Кыргызстан
Захарова АКШ менен Россиянын мамилесине эмне бөгөт болуп жатканын айтты
- Биринчи күнү колубузду артка таңып таштап коюшту. Буттарыбызды скотч менен байлашты. Тизелеп отуруш керек болчу. Бир сутка чыдаганга туура келди. Чыдабай калгандар бетонго жатып калганда топтой кылып тепкилеп, кайрадан тизелеп отургузушту. Бир сутка уктатышкан жок да, андан ары тергөө аракеттери башталды. Алгач, жөн эле автобиография сыяктуу суроолор эле. 2-3-күнү күнөөбүздү мойнубузга алган, даярдалган тексттерди айтышты. Сабаттуу жазылыптыр. Эгерде жаңылып же туура эмес айтып алсак, болуп көрбөгөндөй, мыкаачылык батып кеткен чараларды колдонушту. Кишини сууга чөктүргөн — "ихтиандр" деп аталган ыкма эле. Мында кишини оозу-мурдуна суу куюп, эсин жоготкончо кыйнашат. Андан соң электр шокер менен эсине келтирген ыкма экенин билдик. Мындан соң "динамо-машина" дегени менен адамдын денесине бир топ кубаттуу электр тогун жибергенде... куурулган эт жыттанып кетерин жон терим менен сездим.

Клемманы (зымдарды ыкчам бириктире салган кыпчыткыч) жаакка такап, экинчи зымды буттун манжасына байлап, токту денеден өткөрөт. Жер төлөдө жаткан адамдар менен сүйлөшө келгенде тирде колду артка кайрышканын айтышты. Андай кыйноодон кийин сол колум калыбына келбей калды. Анан атуулар менен коштолот. Айтмакчы, эгерде атып салышса, биз үчүн эркиндик сымал эле болмок. Бизди алып чыгып атып жаткандай аракеттерди кылганда, туткундар өзүбүз алардан атып салышын сурандык. Себеби кыйноолордун аягы көрүнбөйт эле.

- Бул ушул эки жума ичинде болдубу?

Норманд форматы Россия-Украина алакасын жылытты - Sputnik Кыргызстан
"Норманд форматы" Россия-Украина алакасын жылытты
- Ооба, бирок кыйноо алты айга созулган. Булар тергөө жүргүзүү үчүн мыйзам боюнча уруксат берилген иштер эле. Ар апта сайын бизди үч суткага Украинанын коопсуздук кызматынын имаратына алып барып, "Азовдун" жоокерлери сындуу эле иштечүбүз. "Жоокер" деп образдуу айтып жатам. Андан сырткары, контрчалгын кызматы иштеген. Колу-бутубузду жайдырып, дубалга такап алып бөйрөккө койгулашчу. Алардын бир оюну бар болчу— эгерде жыгылсаң, тепкилешчү. Эгерде чыдап тура берсең, жыгылып калганча сабашчу. Мындайча айтканда чыдамдуулугуңду сынашчу.

Бир топ мезгилге чейин ал жерде Ольга Ивановна аттуу аял киши жүрдү, анын тагдыры кандай болгондугун билгим келет. Жер төлөдө өтө көпкө жашады. Күзөтчүлөр байкабай турган учурда тамак, суу берчү. Бизди ошол аял шыктандырып, дем берип турду окшойт.

- Ал дагы туткун беле?

- Ооба. Мен билгенден аны түрмөгө жиберишкен жок. Алмаштырып кетишти же бошотушту деген үмүтүм зор. Бирок жер төлөдө узакка жашады.

- Качантан баштап кыйноону токтотушту?

- Алты ай өтүп, ишти сотко бергенден кийин, жасалма көрсөтмө берүүдөн баш тартып, коргонууга өттүк. Алар түрмөдөн тергөө аракеттерине алып кете албай калышты. Андыктан абакта эле сабап башташты.

Бизди жактоочу менен жолуктурабыз деген шылтоо менен тергөө бөлмөсүнө алып чыгып, ал жерден токмоктошо турган.

- Эмне максат менен сабашчу эле?

- Кыйнаганда айласыздан берген жасалма көрсөтмөдөн баш тартканда ушундай жиндери келди. Анан дагы басым жасоону чечишти. Моралдык жактан басмырлай башташты, коркутушту. Эң жаманы — туугандарыңды айтып коркутканы эле. Менин эки кызым бар. Алар жөнүндө маалыматтарды майда-чүйдөсүнө чейин маалымдашып, кантип кордой тургандыктарын айтып башташат...

Россия Украинага чагымчылдыгы үчүн кармалган кемелерди өткөрүп берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Россия Украинага чагымчылдыгы үчүн кармалган кемелерди өткөрүп берди. Видео
Жашаган даректерин, кайсы жерлерде жүрөрүн кошо айтышканда, алар чындап эле аңдуу же маалымат алган иш-чараларды өткөргөндүгүн билдим. Себеби даректерин туура айтышты. Бул кишини сындыра турган ыкма эле. Коркунучтуу болчу. Андыктан камакка алынгандан үч күндөн соң тагдырга баш ийдик. Жакындарыбыздын азапта калышы — баарынан катаал нерсе болмок.

- Силерди камакка кантип алышты эле?

- Жер тамда болчубуз. Таң эрте түшүнүксүз атайын операция жүрдү. Алар ат коюп келип эле коңшу үйдү курчап калышты, байкоо салып турганбыз. Кыязы, шектүү бирөөнү издеп жатышты, автоунаалар менен дарбазаларды талкалап киришкен.

...Мен ашканага түштөнүүгө кеткем. Анан капыстан бизди көздөй чуркашты. Кирип келип, күч колдонуп полго жаткырып, башка урушту. Эч нерсе дешкен да, айткан да жок. Андан соң тышкы кийимдерибизди чечип, уруп, суракка алууга киришти. Эртең мененки саат тогуздан тарта кечке чейин кармоо болду. Эч ким каршылык көрсөткөн жок. Биз турган жер кичинекей, тынч район эле. Менин баамымда армиясынын жарымы келди окшойт.

- Силерди ким кармады?

- Украинанын коопсуздук кызматы "Азов" менен кармады. Бул негизи бир эле уюм, бирге иштешет. Биз аларды канчадан бери көрүп жүрөбүз, таанып калдык — алар дайыма эле бирге жүрүшөт. Ал эми башка күч түзүмдөрү жөнүндө эч нерсе белгисиз.

- Силер беш жыл тергөө абагында жаттыңар, кыйноолор беш жыл бою уландыбы?

- Бизди Бириккен Улуттар Уюму менен Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү келип көргөндө, ар бирибизге карточка ачкан. Тагыраагы, мурдагыдан коопсузураак болуп калдык. Бизге эми алар "кол көтөрө албайт, эми туугандар менен коркутууга дарамети жетпейт" деп кетишти. Ошондо гана активдүү коргонууга өтүүгө, адилеттүүлүккө жетүүгө чыгындык.

- БУУ менен Кызыл чырым уюму кайсы жылдары сиздерге кызыга баштады?

- Бизди 2015-жылдын жайында табышты. Бириккен Улуттар Уюму менен Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү келгенден тарта кыйноолор токтоду. Мындай жакшылыгы үчүн аларга ыраазыбыз.

-Үйгө кайткандан кийин документтериңерди берип, тагылган күнөөнү алыштыбы?

Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев Россия — Украина ортосуна арачы болуу максатында. Кремль эмне деди
- Жок. Бизге жаңы паспорт беришип, эскилери жоголуп кеткендигин айтышты. Албетте, анын каттоосу жок эле. Иш дагы деле уланууда. Бизди жеке милдеттенме менен бошотушту, бул кийинки соттук отурумдарга барып катышып турушубуз керек дегендик. Ооба, камабайбыз деп убада беришти, бирок мындай убадага ишенбөөгө менде өтө олуттуу себептер бар. Камоо болорун билем. Андан сырткары, бизге карата олуттуу айыптарды даярдап, айтып жатышат.

Эми алар алган милдеттенмелеринин бир бөлүгүн орундатып, сыртыбыздан кесип жана ырайым кылынат деп күтүү гана калды. Процессуалдык тазалоонун варианты ушундай.

- Мындан аркы пландарыңыздар кандай, азырынча үйүңүздөргө бара албайсыздар да?

- Айталы, менин пикирим өзгөргөн жок. Херсон облусунда туулсам да, башынан эле Донбасстын адамдары менен болом деп чечкем. Бул жерде көп жыл жашадым, үй-бүлө күттүм. Мурдагы облустардын бардык аймагында таанылган көз карандысыздык орнойт деп ишенем. Үмүтүм бар жана буга ишеним чоң. Бул жерде болсом да ал жакта болуп жаткан абалды телевизордон көрүп, айланамдагылар менен сүйлөшүп, бул көпкө минтип кармалбай тургандыгын түшүнөм. Эл эмитен эле Порошенко учурунда бийлик кандай болгонун, система кандай иштегендигин, кандай алсыз бийлик келгендигин, эч нерсе деле өзгөрбөй тургандыгын түшүнө баштады. Анткен менен баары биз үчүн, республика үчүн жакшы жакка өзгөрөт деп ишенебиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0