Жасалма көкүрөгү түшүп калган Лера Кудрявцева анын кандай болорун көрсөттү. Видео

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүВручение телевизионной премии "ТЭФИ 2017"
Вручение телевизионной премии ТЭФИ 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал импланттын өзүн көрсөтүп, эмчекти чоңойтуу боюнча операциянын майда-чүйдөлөрүн айтып берди. Теле алып баруучу ипмланттарга эч качан кепилдик жок экендигин кошумчалады.

БИШКЕК, 1- янв. — Sputnik. Теле алып баруучу Лера Кудрявцева жасалма эмчекти алып салгандан кийин кандай болуп каларын көрсөттү.

Ал окуясын Instagram аккаунтуна жарыялады. 24 саат өткөндөн кийин мессенджердин тартиби боюнча ролик жок болуп кетти.

Анткен менен ал YouТube-каналда калган.

"Эми бизде ананастар жок", — деген ал видеодо.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от KUDRYAVTSEVA LERA (@leratv)

Анын алдында теле алып баруучу импланттарды операция жолу менен алып салдырган. Ага импланттын жарылып кетип, анын ичинен силикондун агып калышы себеп болгон.

Андан сырткары, Кудрявцева алып чыккан импланттын кандай көрүнөрүн сүрөткө тартып алып, чоо-жайын жазган.

"Импланттарга эч ким өмүр бою чыдайт деп кепилдик бербейт. Кандай болгон күндө дагы алмаштыруу керек. Имплант менен жүргөндө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн, ал тууралуу адис менен сүйлөшүү керек. Имплантта суу эмес, атайын гель болгондуктан акырындан агып, организмге сиңе бериптир. Аны кийин төрт саат бою тазалашты. 15 жылдан бери иммунитетим организмдеги бөтөн зат менен күрөшүп келди. Ошол үчүн мен дайыма өзүмдү чарчаңкы сезе берчүмүн. Бул эми менин окуям, силердики башкача болушу мүмкүн. Ден соолукта болгула, текшерилип тургула", — деп жазды Кудрявцева.

48 жаштагы Лера Кудрявцева Россияда жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын алып баруучусу катары таанымал. Ал "На крыше мира", "Самый лучший фильм", "О, счастливчик" сыяктуу тасмаларга тартылып, өзүн актриса катары дагы көрсөтө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0