Окумуштуулар баш жазууга жардам берген азыктарды атады

© Фото / Pixabay / Gerd AltmannПомощь психолога
Помощь психолога - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин пикиринде, спаржадагы амин кычкылы менен минералдык элементтер боордун ичимдикке уулануу процессин басаңдатат.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Чеджу улуттук университетинин (Түштүк Корея) окумуштуулары ичимдиктен кийинки баш ооруну спаржа мыкты жазарын айтышты. Бул туурасында Wiley Online Library басылмасы жазды. 

Алкоголдук ичимдик ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Майрамдагандын эртеси баш ооруну кантип жазуу керек? Диетологдун кеңеши
Адистердин пикиринде, спаржадагы амин кычкылы менен минералдык элементтер боордун ичимдикке уулануу процессин басаңдатат.

Ошондой эле адистер баш ооруга лайм жана лимондун газдалган шекерлери даба экендигин билдиришти. Булардын организмди ууландырып, адамдын кускусун келтирип жаткан химиялык заттарды жок кылуучу ферменттерди иштеп чыгары айтылды.

Мындан тышкары, медиктер баш оорудан кутулууга курамында камыр, жумуртка жана пияз бар суюк тамактар жакшы жардам берерин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0