"Жаманаттыдан арылабыз". Нидерланддар "Голландия" аталышынан баш тартты

© AP Photo / Peter DejongНидерланддардын желеги. Архив
Нидерланддардын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт мындай чара өлкөнү баңгизаттарга жана сойкулукка жакын жер деген түшүнүктөн арылтат деген ойдо экендигин айтууда.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Голландия деген аталыш эми, 1-январдан тарта, расмий колдонулбай тургандыгын NOS радиостанциясына таянып Sputnik радиосу билдирди

Маалыматта, ал Нидерланддар мамлекети деген түшүнүктү бербес үчүн колдонуудан алынып сала тургандыгы айтылган.

Жергиликтүү бийлик, жогорку окуу жайлар, жеке компаниялар, басылмалар эми расмий Нидерланддар деген аталышты колдонушу керек.

Өкмөт мындай чара өлкөнү "баңгизаттарга жана сойкулукка жакын жер" деген түшүнүктөн арылтат деген ойдо экендигин айтууда.

Колизей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туристтер быйыл кайсы жерге көп барганы белгилүү болду
Мындан сырткары, жергиликтүү бийликтин пикиринде, бул кадам туристтердин Голландиянын тарыхый жерлери — Амстердам, Харлем жана Гаагага багытталган агымын башка жакка бурат. Себеби бул аймактардан келгендерди тосууга шаасы жетпей жатат.

Голландиянын "атын өчүрүү" падышалыктын казынасын 200 миң еврого бошотору маалым болду.

Буга чейин РИА Новости Амстердам бийлигинин "Кызыл чырактар кварталы" (секс-индустрия гүлдөгөн шаардык район — ред.) деген терминден баш тартууга камынып жатканы айтылган. Адат болуп калган аталыш шаарды көрсөткөн белгилерден алынып салынышы керек. Анын ордуна "Де Валлен" же "Шаар борбору" деген тарыхый аталыштары келиши зарылдыгы белгиленген.

Бир жагынан Туризм боюнча улуттук кеңеш "туристтер эми Нидерланддардын башка аймактарына келе баштайт" деген үмүтүн билдирген.

Мындан сырткары, Токиодо өтө турган олимпиадада жана "Евровидение-2020" сынагында да Нидерланддар аталышын көбүрөөк колдонуу сунушталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0