Гонконгдо өкмөткө каршы акцияга бир миллиондон ашык адам чыкты

© REUTERS / NAVESH CHITRAKARГонконгдогу өкмөткө каршы акция
Гонконгдогу өкмөткө каршы акция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кармалгандардын көпчүлүгү мыйзамсыз чогулуу жана курал алып жүрүү боюнча айыпталууда.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Гонконгдо өкмөткө каршы акцияга бир миллиондон ашык адам катышып, полиция кеминде 400дөй кишини кармап кетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги South China Morning Post басылмасына шилтеме кылып жазып чыкты.

Шаршемби күнү он миңдеген тургун Адам укуктары үчүн жарандык фронту маршына чыкты. Акция жергиликтүү бийлик менен макулдашылган, бирок айрым катышуучулар башаламандык уюштуруп, HSBC банкынын бөлүмдөрүнө кол салган. Полиция кагылышуу маалында көздөн жаш чыгара турган газ колдонуп, уюштуруучуларга акцияны токтотуу талабын койду.

Сотрудники полиции обстреливают антиправительственных демонстрантов слезоточивым газом в Гонконге. - Sputnik Кыргызстан
Гонконгдогу башаламандыктан улам 30дай кыргызстандык студент кайтып келди
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кармалгандардын көпчүлүгү мыйзамсыз чогулуу жана курал алып жүрүү боюнча айыпталууда.

Каршылык акциясына чыккандар полициянын кыймыл-аракетин көз карандысыз иликтөөнү, кармалгандарга карата амнистия колдонууну жана райондук администрация башчысын жергиликтүү тургундар шайлашы керек деген талаптарды коюшкан. 

Оппозиция тарабынан уюштурулуп жаткан өкмөткө каршы акция июнь айында башталып, ага экстрадиция боюнча мыйзамды талкуулоо себеп болгон. Соңунда бийлик өкүлдөрү октябрь айында ал мыйзам долбоорун кайра артка кайтарып алган. Ага карабай Гонконгдо митингдер токтобой келүүдө, жарым жылда 900дөн ашык марш, каршылык акция, демонстрация болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0