Түндүк Корея өзөктүк курал сыноого мораторийин токтотту. БУУ тынчсызданууда

© REUTERS / KCNA KCNAБаллистикалык ракетаны сыноо. Архив
Баллистикалык ракетаны сыноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америка кошмо штаттары менен Түндүк Корея 1950-1953-жылдардагы аскердик чыр-чатактан бери мамилесин оңдой алган эмес.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Түндүк Кореянын өзөктүк ракеталарды сыноого жарыяланган мораторийди токтотуп жатканына тынчсызданууда. Бул тууралуу анын расмий өкүлү Стефан Дюжарриктин сөзүнө таянып РИА Новости жазды. 

Буга чейин өлкө лидери Ким Чен Ын Кореянын Эмгек партиясынын комитет жыйынында стратегиялык курал-жарактарды иштеп чыгууну улантуу чечими кабыл алынганын жар салган. Анын айтымында, мындай иштер АКШнын Түндүк Кореяга душмандык саясаты токтомоюнча улантыла бермекчи.

"Башкы катчы Түндүк Кореянын өзөктүк ракеталарды сыноо боюнча мораторийин токтотуп жатканына тынчсызданууда", — деп айткан Дюжаррик.

Анын айтымында, Гутерриш БУУнун  Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык, өзөктүк куралды сыноолор башталбайт деген үмүттө.

Белгилей кетсек, АКШ менен Түндүк Корея 1950-1953-жылдардагы аскердик чыр-чатактан бери мамилесин оңдой алган эмес.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0