Ирак Сулейманинин өлүмүнөн кийин америкалык аскерлер боюнча чечим кабыл алды

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEСолдат армии США на одной из улиц Багдада
Солдат армии США на одной из улиц Багдада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирак бийлиги ирандык аскерлердин өлтүрүлүшү боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Куралдуу күчтөрдүн өкүлү өлкө аймагындагы америкалык аскерлердин ишемрдүүлүгүнө чектөө коюлганы тууралуу айтты.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Ирак бийлиги генерал Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийин өлкө аймагындагы америкалык аскерлердин ишмердүүлүгүнө чектөө киргизүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Америкалык тарап кабардар болду. Эми алар Ирактын макулдугу менен гана иштей алышат. Мындай соккудан кийин биз, албетте, алардын ишин чектейбиз", — деди Ирактын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Абдел Карим Халяф.

АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмнени ойлондуң? Путиндин телефон чалганын айтпай койгон генерал Трамптан тил укту
Анын айтымында, ушу тапта Сулейманинин кайда барарын жакшы билген, аны коштоп жүргөн, өзгөчө Дамаскиден Багдадга учарын жана аэропорттон келерин жакындан билген адамдардын баары суралууда.

Ал эми НАТОнун ирактык аскерлерди окутуу иштерин токтоткону боюнча айтып жатып, Абдел Карим Халяф бул жаатта Ирактын өзүнүн да мүмкүнчүлүктөрү арбын экенин белгилеп өттү.

"Өз территориясын коргоо сыяктуу эле Ирак бул маселени да өз алдынча чече алат. Албетте, коалициянын күчтөрү абадан жардам берчү, бирок калганынын баарын ирактык аскерлер жасачу", — деди маектеш.

Сулейманинин өлүмү

Тысячи иранцев вышли на митинг после убийства генерала Сулеймани — видео - Sputnik Кыргызстан
Генерал Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыгышты. Видео
3-январда Пентагон АКШ Багдаддагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Каза болгондордун арасында Сулейманиден тышкары кошуундун орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы төрт офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөдү. Ошондой эле Трамп Касем Сулеймани миңдеген америкалыктарды өлтүрүп же жабыр тарттырганын билдирген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мамлекеттик катчы Майк Помпеого АКШ генералды өлтүрүү менен эл аралык укукту бузганын айткан. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын башчысы Эммануэль Макрон Сулейманинин өлүмүнө кабатыр болуп жатышканын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0