Жер планетасы болушунча Күнгө жакындады

CC0 / Pixabay / FabuloussaversПланета Солнце
Планета Солнце - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер планетасы Күндү 365 күн 6 саат 9 мүнөт 10 секундда айланып бүтөт. Ал эми ылдамдыгы секундасына 29, 765 чакырымды түзөрү маалым.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бүгүн, 5-январда, Жер планетасы болушунча Күнгө жакындады. Бул тууралуу Москванын планетарийинин сайтында айтылат.

Эфиопиядагы Даллол өрөөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар Жер планетасынын кайсы жеринде жашоо жок экенин айтышты
Астроном Александр Якушечкин РИА Новостиге курган маегинде Жер Күнгө эң жакын аралыкта жайгашкан орбита чеги — перигелийден Москва убактысы боюнча саат 10.48де (Бишкек убактысы менен 13.48) өткөн.

Жер орбитасынын перигелийи Күндөн 147 098 291 чакырым аралыкта, бул кадимки алыстыктан 2,5 миллион чакырымга жакын дегенди түшүндүрөт.

Белгилей кетсек, Жер планетасы Күндү 365 күн 6 саат 9 мүнөт 10 секундда айланып бүтөт. Ал эми ылдамдыгы секундасына 29,765 чакырымды түзөрү маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0