АКШ президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт

Абал курчуп баратат. Трамп Иран менен Иракка сөөмөй кезеди

2935
(жаңыланган 13:49 06.01.2020)
Дональд Трамптын айтымында, АКШнын аскерлери Ирактан кетпейт. Мындан тышкары, Америка Ирандын чабуулуна жооп берерин конгресске кулак кагыш кылды.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Иракка санкция киргизерин айтып, Иранга "өзгөчө жооп кайтарарын" белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазууда.

"Соцтармактагы билдирүүлөр АКШ конгрессине кулак кагыш болуп саналат. Эгер Иран АКШнын бир жаранына же кайсы бир объектисине тие турган болсо, Америка тез арада жооп кайтарат. Жооп өзгөчө болушу мүмкүн. Бул тууралуу расмий билдирүү жасалбайт, бирок маалымат айтылды", — деп жазды Трамп Twitter баракчасына.

Иракка эскертүү

Трамп журналисттерге Ирактан кандайдыр бир душмандык байкала турган болсо, санкциялар киргизиле турганын жар салды. Президенттин айтымында, "Иракка эч качан болуп көрбөгөндөй катаал санкциялар киргизилет, анын жанында Иранга каршы санкциялар оюнчук болуп калат".

Трамп америкалыктар куруп берген базанын акысы төлөнмөйүнчө АКШ аскерлери Ирактан кетпей турганын да кошумчалады.

"Иракта биздин база жайгашкан. Анын курулушуна миллиарддаган доллар жумшалды. Мага чейин эле салынган. Акысын төлөп бермейинче кетпейбиз", — деди президент.

Мындан тышкары, Иран тарабынан кандайдыр бир кол салуулар боло турган өлкөнүн маданий объектилери бутага алына турганын айтты.

Ал арада АКШнын Өкүлдөр палатасы ушул жумада Трамптын Иран боюнча укуктарын чектөө боюнча чечим кабыл алууга даярданып жатат.

Чырдын себеби

АКШ Ирак менен Сириядагы "Каттаиб Хезболлах" шиит тобунун объектилерине сокку урган. Пентагон мындай аракеттер АКШнын бир жараны жана төрт аскерий адамы каза болгон Ирак базасынын чабуулуна жооп деп түшүндүргөн. Буга нааразы болгон шииттер АКШнын Багдаддагы элчилигине кол салууга аракеттенишкен. Америка буга аталган нааразылык акцияларды жетектеген деген кине менен Иран генералы Касем Сулейманини өлтүрүп жооп берген. Ал эми Иран өч алууну убадалаган.

Ишемби күнү ЖМКлар АКШ Ирандын 52 объектисин бутага алганын жазып чыккан. Алардын арасында маданий мурастар да бар болчу. Мындай маалымат бир катар саясатчылар менен эксперттердин тынчын алды, анткени эл аралык укук нормасы буга жол бербейт. Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео жекшемби күнү "АКШ мыйзам чегинде" иш алып барарын билдирген.

Багдад соккуну АКШ аскерлеринин Иракта жайгашуусунун эреже-талабын бузуу катары баалады. Өлкө парламенти өкмөттөн америкалык аскерлерди аймактан чыгарууну талап кылууда.

2935
Белгилер:
Дональд Трамп, Чабуул, сокку, объект, санкциялар, Ирак, Иран, АКШ
Тема боюнча
Ирак Сулейманинин өлүмүнөн кийин америкалык аскерлер боюнча чечим кабыл алды
Америкалык серепчи: Иран менен АКШны Путин гана эсине келтире алат
Киберкоопсуздук. Архивдик сүрөт

Медведев БУУ аянтчасындагы киберкоопсуздук боюнча келишимге чакырык жасады

19
(жаңыланган 18:28 24.10.2020)
Медведев Россия дүйнө коомчулугун киберкылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүп, маалымат айдыңда коопсуздукту камсыздап алууга бир нече ирет чакырык таштагандыгын айтты.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эл аралык киберкоопсуздук боюнча архитектура азыркы заманбап чакырыктарга эле жооп берип чектелбестен, технологиялык прогресстин келечегин да эске алышы керек. БУУнун түзүмдөрү бул жааттагы коопсуздукту камсыздоодо эл аралык келишимдердин аянтчасы болуп бере аларын РФтин Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев БУУнун 75 жылдыгына арналган макаласында жазды.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын макаласын толугу менен RT телеканалынан таанышууга болот.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

"Глобалдуу маалымат айдыңында коопсуздукту камсыздоо принципиалдуу мааниге ээ болуп бара жатат. Эл аралык киберкоопсуздук боюнча архитектура азыркы заманбап чакырыктарга эле жооп берип чектелбестен, технологиялык прогресстин келечегин да эске алышы керек", — деп айтылат макалада.

Медведев бул боюнча кылмыштардын арбып бара жаткандыгын да жазган.

"Санариптин өнүгүшү, тилекке каршы, маалыматтык айдыңда кылмыштардын арбышын жаратат (анын пандемия учурунда көбөйүп кеткендигин байкоого болорун белгилей кетели)", — деген ал.

Медведев Россия дүйнө коомчулугун киберкылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүп жана маалыматтык айдыңда коопсуздукту камсыздап алууга бир нече ирет чакырык таштагандыгын айтты.

Ал БУУнун Башкы Ассамблеянын 73-сессиясында көпчүлүк добуш менен россиялык резолюция кабыл алынгандыгын эске салды.

Медведев пандемия маалындагы мамлекеттердин башкы милдети тууралуу айтты

"Аталган резолюциянын зарылдыгы улут аралык мүнөздөгү чакырыктар эл аралык коомчулуктун жапа тырмак катышуусунда гана майнаптуу болот. БУУнун түзүмдөрү бул жааттагы коопсуздукту камсыздоодо эл аралык келишимдердин аянтчасы болуп бериши мүмкүн. Ал эл аралык укуктун ченемдерине, принциптерине таянат, маалымат тармагындагы жалпы кызыкчылыктарга жооп берет", — деп айтылган макалада.

Медведевдин айтымына караганда, мындай нерсе "эл аралык тынчтык менен коопсуздукту колдоону арттырып, аны менен катар эле эл аралык укукта макулдашылбаган технологияларды колдонууга жол бербейт".

19
Белгилер:
резолюция, киберкылмыштуулук, пандемия, Дмитрий Медведев, БУУ, Россия
Тема боюнча
Медведев БУУда "өзөктүк бештиктин" жеке саммитин өткөрүүнү сунуштады
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

58
(жаңыланган 17:55 24.10.2020)
Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен көп маселелерди талкуулаганын, анын ичинде Кыргызстандын бюджетине колдоо катары финансылык жардам тууралуу дагы сөз болгонун айтты.

"Дмитрий Николаевич Козак жана анын кесиптештери менен жолуктук. Россия тарап Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн абалды турукташтырууда маанилүү роль ойноду", — деди Казакбаев.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Ошондой эле жолугушууда Россия тараптан кыргыз экономикасына көрсөтүлчү колдоолор тууралуу сөз болду.

"Биздин өкмөттүн иши, алдыда келе жаткан саясий иш-чаралар тууралуу кеп кылдык. Анан, албетте, азыркыдай катаал убакта Россия тараптан Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде берген жардам тууралуу сүйлөштүк", — деди ТИМ башчысы.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

58
Белгилер:
жардам, каражат, экономика, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди
Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков

Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда

0
Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков өлкөдө кышкы туризм да киреше алып келе албай тургандыгын айтып, бул тармактагы ишкерлерге тынчсызданды.
Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда

Коронавирустун таасиринен улам болгон туризм тармагындагы кризистин таасири алдыда билинет. Мындай пикирин Эрмек Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус туризм бизнесин эки доорго бөлүп койду.

Кыргызстанда туризм тармагында канча адам ишсиз калды. Кейиштүү сандар

"2019-жылга салыштырмалуу туризм багытындагы өнүгүү тескери динамиканы көрсөтүп калды. Көпчүлүгү кризис деп жатат. А чынында каатчылык эми болот. Себеби туризм менен жан баккан аймактарыбыз бар. Алсак, Ысык-Көл облусунун тургундары, ишкерлери турсезондо каражат таап, аны менен бир жыл жашайт. Быйыл андай болгон жок. Демек, алар мурда топтолгон, катылган каражаттарын колдонушууда. Ал акчалар деле акыры түгөнөт. Мына ошондо биздин экономика, коом үчүн кыйын убак келет. Албетте, учурда кышкы туризмди тосуп алууга даярдыктар көрүлүп жатат. Бирок медиктер боолголоп жаткандай эпидемиологиялык абал кайрадан начарласа, кышкы туризм тармагында кызмат көрсөткөн ишкерлер дагы катаал күнгө туш болушу ыктымал. Негизи эле бул вирус дүйнө жүзүндөгү туризмди эки доорго бөлүп койду", — деди Мырзабеков.

Ошондой эле ал туризм тармагына өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат жеткиликтүү деңгээлде таканчык боло албастыгын кошумчалады.

0
Белгилер:
каатчылык, коронавирус, туризм
Тема боюнча
Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү