Британияда 48 эркекти алдап, зордуктап жүргөн киши жазаланды. Сүрөт

© AFP / Andreas Arnold / POOL Нападение с ножом на беременную женщину в Бад-Кройцнахе
Нападение с ножом на беременную женщину в Бад-Кройцнахе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкер 2017-жылы дагы бир эркекти зордуктап жатканда жабырлануучу өзүнө келип полиция чакыргандан кийин кармалган.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Улуу Британияда 159 сексуалдык кылмыш жасаган адамды сот өмүр бою эркинен ажыраткандыгын ВВС жазып чыкты.

​Маалыматка караганда, кылмыштардын ичинен 48 эркек кишини 136 жолу зордуктаганы аныкталган. Кылмышкер Лидса университетинде аспирантурада окуган, индонезия тектүү британиялык 36 жаштагы Рейнар Синага аттуу киши болгон. Анын аты 6-январда Манчестер Королдук сотунун өкүмү чыккандан кийин белгилүү болду.

Полиция ал түнкү клубдарда таанышкан адамдарды сыра ичүү үчүн үйүнө чакырарын, бирок ичимдикке баңгизат кошуп берип коёрун аныктаган. Коногу эсин жоготкондон кийин Синага болгон нерселердин баарын видеого тартып алып турган.

Случаи семейного насилия - Sputnik Кыргызстан
Жубайын топтошуп зордуктоого шектелген киши Бишкектен кармалды
​Синага 2017-жылы дагы бир эркекти зордуктап жатканда ал эсине келип полиция чакыргандан кийин кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоо органдары анын телефонунан жасаган кылмыштарынын баарынын видеосун көргөн. Тартып алынган видео жазуулардын узактыгы 100 саатка созулганы айтылат.

Мындан улам полиция Синаганын бери дегенде  адамдарды 159 жолу зордуктаганын далилдеген. Прокуратура бул тарыхта бир адамдын жасаган эң көп сексуалдык кылмышы болгонун билдирди. Соттук процесс 1,5 жылда аяктаган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0