Тыпыйган колдору менен сылап. Путинди жылмайткан видео

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин посетил Рождественское богослужение
Президент РФ В. Путин посетил Рождественское богослужение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин Рождествону Питердеги храмда тосту. Анын жанында өзгөчөлөнгөн эки бөбөк турду.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин храмда турганда жанындагы кичинекей кыздарды көрүп, жылмайганын жашыра алган жок.

Путин Рождестводо башкалар менен кошо Санкт-Петербургдагы Спасо-Преображенск соборунда болду.

Анын видеосу Twitter баракчага жарыяланды.

​Президенттин жанында башка жарандар жана дагы көзгө дароо урунган эки кыз турат. Анын бирөө экинчисин — көз айнекчен, четтен караган киши байкабай кое албаган, жоолук салынган досун далысынан улам-улам сылап коет. Муну байкаган Путин жылмайганын жашыра алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0