БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирактын батышында жайгашкан АКШнын "Аль-Асад" аскердик базасы ракеталык чабуулга тушукту. Бул тууралуу РИА Новости Sky News телеканалына шилтеме берүү менен жазды.
Кийинчерээк америкалык чиновник кол салуу болгонун тастыктап, азырынча жабыркагандар жана келтирилген зыян тууралуу маалымат жок экенин кошумчалаган.
Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу (ИРКК) соккуну алар жасаганын жар салды деп жазды Press TV.
"ИРКК Американын "Аль-Асад" аскердик базасына ондогон ракета менен сокку урду", — дейт телеканал Twitter баракчасында.
Маалыматта чабуул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу болгону белгиленет.
Америкалык чиновникке таянып ABC сокку баллистикалык ракеталар менен жасалганын жазды.
Билдирүүдө чабуул АКШнын Ирактагы бир нече объектисине багытталганы жазылат. Алардын ичинен кол салууга "Аль-Асад" тушуккан.
Ал эми Ирактын Коопсуздук кызматындагы маалымат булагы америкалык базага ондой сокку жасалганын белгиледи.
АКШ президенти Дональд Трамп окуя тууралуу кабардар болуп, азыр кырдаалга тыкыр көз салып жатканын басма сөз катчысы Стефани Гришэм билдирди.
"Биз сокку тууралуу билебиз. Президент кабардар болду, жагдайга көз салып, улуттук коопсуздук командасы менен консультацияларды жүргүзүүдө", — деди Гришэм.
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин жар салган. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.
UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.
Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.
Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, электр энергиясы өлкөгө импорттоло баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз. Бул өлкөгө электр энергиясын сырттан алып келүү зарыл дегенди түшүндүрөт.
"Товар алмашуу шарты менен биз Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу тууралуу сүйлөштүк. Электр энергиясы импорттоло баштаган. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланып, жай мезгилинде тыныгуу болуп турат. Электр энергиясын кайтарып берүү жайында башталып, карызды үч жылдын ичинде берип бүтүп калабыз", — деди Турдубаев.
Ал быйыл Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 900 миллион киловатт-саат бере турганын белгилеп, коңшуларга кайра Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап бере турганын кошумчалаган. Муну менен Кыргызстан үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну коё берип, ошону менен кутулат.
Ушул убакта республика боюнча миңдеген бүтүрүүчү маанилүү тестирлөөгө катуу камылга көрүүдө. Ансыз окуу жайлардын көбүнө тапшыруу мүмкүн эмес.
Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөргөн уюмдагылар келечекке алгачкы кадам шилтеткен бул сынакка камынууда абитуриенттер кандай катачылыктарды кетирерин айтып беришти.
Тестирлөөнүн тагдыр чечер маанисинен улам бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыр чүнчүп турган убак. Адистер санаага алдырбоого кеңеш беришет, ЖРТ мектеп программасынын алкагындагы тапшырмалардан турат. Эгер сабактарга калтырбай катышып келсеңиз, сизге тест татаал деле болбойт. Ошону менен бирге эле ЖРТга канчалык эрте кунт коюп даярдана баштасаңыз, жыйынтык да ошончолук сезилерлик болот.
Тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр ой жүгүртүп жана мектепте алган билимди пайдалана билүүнү көрсөтүшү керек. Ошондуктан материалдарды жаттоонун зарылдыгы жок. Мисалы, “Тилдин практикалык грамматикасы” бөлүмүндө тигил же бул эрежени жатка айтканыңыз эмес, үйрөнгөн тилди иш жүзүндө пайдалана билгениңиз текшерилет. Маселен, сөздөрдү тилдин нормаларына шайкеш колдонуу, сүйлөмдү ылайыктуу сөздөр менен толуктай билүү жана башкалар. Тарых боюнча предметтик тестте тарыхый окуялардын себептери, кесепети жана маанисин түшүнүү маанилүү.
Тестирлөө күнү жакындаган сайын абитуриенттердин көбү ЖРТга тез даярдануу ыкмаларын издей баштайт. Ушул тапта тестке даярдоо үчүн ар кандай курстар, тренингдер жана видеосабактар арбын. Анткен менен алар ЖРТ талаптарына туура келер-келбесине кепилдик жок. Курстарда абитуриенттерди туура эмес багытта даярдап, жалпы республикалык тестирлөөгө эч кандай тиешеси жок тапшырмаларды беришкен учурлар болгон.
Билим берүү жана окутуу методдорун баалоо борборундагылар ЖРТга даярдыктын чоң бөлүгү — бул өз алдынча иш, маңдай терин төктүргөн жана ырааттуу эмгек. Ошону менен бирге эле майнаптуу жыйынтык үчүн бир айлык “атайын даярдык” курсуна жазылып, өтүп коюу жетишсиз.
Көптөгөн бүтүрүүчүлөр даярдык маалында тесттин кайсы бир бөлүгүнө басым жасайт. Мисалы, абитуриент өзүн математикада күчтүү деп санап, орус тили боюнча даярдана берет. Натыйжада өзү күчтүү эсептеген дал математикадан аксайт. Артыкчылыктарды туура белгилеп алуу маанилүү: татаал бөлүктөрүнө жакшы даярданып, бирок башкаларын да унутта калтырбоо абзел. Абитуриент негизги тестке катуу даярданып, бирок предметтик бөлүктөрүнө көңүл бөлбөй койгон учурлар да жок эмес. Айрым адистиктерге кабыл алууда жогорку окуу жайлар негизги жана предметтик тесттин жалпы баллын эсепке аларын унуткарбаңыз. Бирок канчалык көп предметтик тестти толтурсаңыз, окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот деген ойдон алыс болуңуз.
Тесттин өзүнө даярдыктан сырткары жооп баракчасын толтуруу боюнча да машыгып койгон оң. Бул сизге ишенимдүүлүк жана тестте баалуу убакытты үнөмдөөгө көмөкчү болот. Кымгуут жагдайда абитуриент апкаарып, баракты толтурууда ката кетирип алышы ыктымал.
Баракты толтуруунун үлгүсү “Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданабыз” деген аталыштагы акысыз брошюрада камтылган.
Тестирлөөнүн администраторлору туура жоопту белгилөөнү көрсөтүп беришет, бирок муну эртерээк үйрөнүп алганыңыз дурус.