БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирактын батышындагы АКШнын "Айн-аль-Асад" аскерий базасына жасалган ракеталык соккунун видеосун Press TV телеканалы Twitter баракчасына жарыялады.
🔴 🇮🇷 JUST IN 🇮🇷 🔴
— Press TV (@PressTV) 7 января 2020 г.
PRESS TV EXCLUSIVE
First #IRGC footage emerges showing #Iran missiles targeting #AinAlAssad airbase in #Iraq in response to General #Soleimani's assassination.#GeneralSoleimani #DecisiveResponse #SoleimaniAssassination pic.twitter.com/vpXA0HvLXG
Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу соккуну алар жасаганын жар салган. Мындай чабуул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу болуп саналары белгиленет.
Ирандык Tansim агенттигинин маалыматы боюнча, "Айн-аль-Асад" базасына 35тен ашуун ракета коё берилген. РИА Новостинин Ирактын коопсуздук кызматындагы маалымат булагы базага тогуздан ашуун кол салуу болгонун билдирген.
Генералдын өлүмү жана өч алуу
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Нур-Султан шаарында 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны үч эсе көбөйүп, шаардын санитардык дарыгерлери коңгуроо кагууда. Бул тууралуу шаардын мамлекеттик санитардык башкы дарыгери Сархат Бейсенованын айтымына таянып Sputnik Казакстан кабарлады.
Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абал боюнча Нур-Султан шаары бир айдан бери кызыл зонада. Калаада күн сайын 350дөн 650гө чейин жаңы учур катталууда.
"14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны апрелде тездик менен өсүп, үч эсеге көбөйдү. Алсак, январда 571, февралда 479, мартта 1 106 болсо, апрелде 1 790го жетти. Балдар эле эмес чоңдор арасында да ооругандардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда мектептерде чектөө киргизилгенден улам апрелде окуучулар арасында оору жуктургандар 0,8 пайызга азайган", — деген Бейсенова.
Буга чейин ал коронавирус 3 жаштан 10 жашка чейинкилер арасында көп табылып жатканын айткан. Башкы дарыгер мартка салыштырмалуу апрелде улгайгандар арасында да коронавирус илештиргендердин саны 2,2 пайызга өскөнүн кошумчалады.
UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.
Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.
Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш таштоо ниети жок. Бул тууралуу Sputnik редакциясынын кабарчысына "Альянс бус" жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.
Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.
Николаидинин айтымында, ага дагы мындай кептер жеткен. Бирок төрага бул ортодогу чагымчылдардын кылганы деп эсептейт.
"Биз иш таштоону пландаган жокпуз. Бул теманын тегерегинде ким мынчалык чуу көтөрүп жатканын билбейм. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек, башка жолу жок. Бизде мэриянын токтому бар. Комиссия тарифтерди көтөрүү боюнча долбоорду даярдаган. Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы ишке киришери менен сессияда бул маселе каралат деп ишенем. Айрым айдоочулар шаар жетекчилиги тарифти көтөрүп беребиз деп коюп, убадасына турган жок деп башкаларды иш таштоого үгүттөп жатыптыр деп уктум. Тиешелүү кызматтар аларды издеп тапсын. Бирок бир дагы фирма иш токтоткусу келген жок. Мындай жол менен көйгөй чечилбейт", — деди ал.
Ушул тапта Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгында жүргүнчү ташуу менен алектенген ишкана жетекчилеринин жыйыны өтүп жатканы белгилүү.
Быйылкы жылдын январь айында жол кирени көтөрүп берүүнү талап кылган беш фирмага тиешелүү 400дөй маршрутка ишке чыкпай койгон. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.
Анда ошол учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок ага жок дегенде май айына чейин убакыт керектигин айткан.