Украинанын Иран аэропортунда кулап бараткан учагы делген видео чыкты

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүГорода мира. Тегеран
Города мира. Тегеран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба кемеси Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө "техникалык мүчүлүштүктөн" улам кырсыктаган. Бортто 180 жүргүнчү баратканы айтылды.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирандын борбору Тегерандын аэропортунда Украинага таандык самолеттун кулап түшкөн учурунун видеосу социалдык тармактарга тарады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

​​Видеодон асманда күйүп бараткан нерсе улам ылдыйлап, соңунда жалындап кеткенин көрүүгө болот. Күбөлөр бул украиналык Boeing 737 учагы экендигин жазышууда.

Буга чейин Украинанын аба кемеси Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө "техникалык мүчүлүштүктөн" улам кулаганы айтылган. Бортто 180 жүргүнчү бараткан. Бул кабарды аба майдандын жетекчиси тастыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0