Тегеранда 8-январь күнү кырсыктаган Boeing 737 учагынын сыныктары

ТИМ: Иранда кыйраган учакта кыргызстандыктар болгон эмес

201
(жаңыланган 16:01 08.01.2020)
Маалыматка ылайык, авиакырсыктан каза тапкандардын басымдуу бөлүгү ирандыктар эле. Экипаждын тогуз мүчөсү да мүрт кетти.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирандын борбору Тегеранда кыйраган учакта каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, авиакырсыктан каза тапкандардын басымдуу бөлүгү ирандыктар болгон. Бортто жалпы жонунан 177-180 адам баратканы айтылат. Анын ичинен тогузу экипаждын мүчөсү.

Акыркы маалыматтар боюнча, аба кемесинде Иран, Украина, Канада, Швеция, Афганистан, Германия жана Улуу Британиянын жарандары болгону айтылды.

Boeing 737-800 үлгүсүндөгү аба кемеси Украинага таандык. Ал 8-январдын таңында Тегеран — Киев багыты боюнча учуп чыккандан эки мүнөттөн кийин радардан жоголуп, аэропорттон алыс эмес жерге кулаган. Ичиндеги адамдардын бири да аман калган эмес. Кызыл жарым ай коомунун Ирандагы эл аралык операциялар боюнча директору Мансуре Багери набыт болгондордун сөөгүнүн калдыктарына карап таанууга мүмкүн болбой жатканын билдирди.

 

201
Белгилер:
кырсык, өлүм, Украина, учак, Иран
Тема:
Иранда кулаган Украинанын учагы (21)
Тема боюнча
Украинанын Иран аэропортунда кулап бараткан учагы делген видео чыкты