АКШ менен Ирандын мамилесин курчуткан Касем Сулеймани ким эле?

© REUTERS / ATTA KENAREЦеремония прощания с убитым генералом Сулеймани в Иране
Церемония прощания с убитым генералом Сулеймани в Иране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дүйнө эли ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө жана АКШ менен Ирандын мамилесине кулак түрүп жаткан чагы. Мындан улам Sputnik аскер адамы тууралуу маалыматтарды чогултту.

Жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Встреча глав МИД РФ и Ирана С. Лаврова и М. Зарифа - Sputnik Кыргызстан
Ирандын ТИМ башчысы америкалык базага сокку уруунун себебин айтты
Бүгүн, 8-январда, Ирактын батышында жайгашкан АКШнын "Аль-Асад" аскердик базасы ракеталык чабуулга тушукканы маалым болду. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу (ИРКК) соккуну алар жасаганын жар салды. Чабуул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу болуп саналары белгиленди. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу аларга каршы согуштук аракеттерди көрүү үчүн аймагын АКШга пайдаланууга берип жаткан мамлекеттерге да жооп катары сокку жасаларын билдирди.

5-класска чейин окуган

Касем Сулеймани 1957-жылы 11-мартта Ирандын Канат-е Малек (Керман провинциясы) айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Турмуш шартка байланыштуу мектепти 5-класска чейин окуган. Атасынын насыясын төлөө үчүн Керман шаарында туугандарына барып, ал жактагы курулуштарда таш тизүүчү болуп иштеген. Андан кийин орто билим алып, Кермандын Суу тазалоо департаментинин муниципалдык бөлүмүндө эмгектенген.

Аскердик тажрыйбасы

Военные учения Ирана возле Ормузского пролива - Sputnik Кыргызстан
Ирандын соккусунан канча адамдын каза тапканы айтылды
Сулеймани 1979-жылы Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (ИРКК) 45 күндүк курсун окуп, жаш жоокерлердин катарына кошулган. ИРККнын милдети — Ирандын көз карандысыздыгын коргоодо аскердик жардам көрсөтүү, өлкөнү бүлдүрүү аракеттерине каршы күрөшүү, жаратылыш кырсыктарында куткаруу операцияларын жүргүзүү, ошондой эле чалгындоолорго жардам берүү болуп саналат. Корпус түздөн-түз республиканын диний лидери Али Хаменеиге баш ийет.

Болочок генерал 1980-жылы күрддөрдүн көтөрүлүшүн басууга, 1980-1988-жылдары иран-ирак согушуна катышып, аскердик тажрыйба топтогон. 1998-жылы Сулеймани ИРККнын атайын даярдыктагы "Кудс" элиталык бөлүгүн жетектей баштаган. Бул уюм Ирандан тыш өлкөлөрдө жашыруун операцияларды уюштуруу жана чалгындоо менен алектенет. ЖМКлардын жазышынча, Сулеймани Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы кошуундун кыймылын көзөмөлдөгөн. 

© AFP / HO / KHAMENEI.IRИслам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулеймани
АКШ менен Ирандын мамилесин курчуткан Касем Сулеймани ким эле? - Sputnik Кыргызстан
Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулеймани

БУУнун санкциялары

2007-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши жогорку кызматтагы 15 ирандыкты, анын ичинде Сулейманини "кара тизмеге" киргизген. Алар Ирандын өзөктүк жана ракеталык программасын иштеп чыгууга тиешеси бар деп шек санашкан. БУУ бардык мамлекеттерди бул адамдардан сак жана этият болууга чакырган.

2019-жылы 8-апрелде АКШ администрациясы ИРККны чет өлкөдөгү террористтик уюмдардын тизмесине киргизген. Пентагон менен АКШ "Кудс" Америкада террордук деп саналган топторду колдогон Ирандын башкы механизми болуп саналарын айткан. Штаттар атайын бөлүк террорчуларды финансылык жактан каржылап, курал-жарак жана жабдык берип, аларды окутуп да турат деп эсептеген.

Геосаясатта орду

Предвыборный митинг в Санрайзе - Sputnik Кыргызстан
Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасайт
Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы кызматкери Жон Магуайр 2013-жылы Сулейманини учурда Жакынкы Чыгыштагы эң таасирдүү фигура деп атаган.

Ошондой эле аны "Ирандын аскерий стратеги жана жашыруун командири" деп аташат. Ушундай аталыш менен BBC генерал тууралуу даректүү тасма тарткан.

Сулейманиге "Американын күчүн региондо алсыраткан" деген сыпаттама берип келишкен. Аны менен катар эле АКШ аскерлери менен коалицияга каршы турууну бекемдегендиги айтылып келет

Ага арналган ырлар менен фильмдер

Маалыматтарда белгиленгендей, генерал жөнүндө тасма тартылып, эрдиктери даңазаланган бир нече ырлар жазылган.

Сулейманинин орун басары

Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменеи Касем Сулейманинин ордуна генерал Исмаил Каанини Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун "Кудс" тандалма бөлүгүнүн командири кылып шайлады. Аятолла Каанини тажрыйбалуу командирлердин бири экендигин белгилеген.

Үй-бүлөсү

Касем Сулейманинин жеке жашоосу жана балдары тууралуу маалыматтар дээрлик жок. ЖМКлар генералдын зыйнатында кызы Зейнаб "акылдан адашкан Трамп, ушуну менен тынчтык болот деп ойлобо" деп билдиргенин жазышкан.

* "Ислам мамлекети" — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0