Иранда чечимдерди ким кабыл алат? Өлкөнүн саясий түзүлүшү тууралуу

© REUTERS / Official Khamenei website / HandoutВерховный лидер Ирана аятолла Али Хаменеи
Верховный лидер Ирана аятолла Али Хаменеи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандын саясий түзүлүшү башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат. Мисалы, президент мамлекеттин экинчи адамы болуп саналып, премьер-министр сыяктуу иш аткарат. Ал эми мамлекет башчыны шайлоо АКШнын системасына окшошуп кетет.

Бүгүн, 8-январда, Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу (ИРКК) АКШнын Ирактагы авиабазасына баллистикалык ракеталарды коё берди. Муну бийлик таасирдүү генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин эскертти.

Церемония прощания с убитым генералом Сулеймани в Иране - Sputnik Кыргызстан
АКШ менен Ирандын мамилесин курчуткан Касем Сулеймани ким эле?
3-январда түнү АКШ Багдаддын аэропортуна ракеталык чабуул жасап, Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулеймани жана Ирактык шииттер кошуунунун башчысынын орун басары Абу Махди аль-Мухандис жок кылынган. Вашингтон аларды 2019-жылдын 31-декабрында Американын Багдаддагы элчилигине кол салган уюмга тиешеси бар деп эсептейт.

Sputnik Кыргызстан Ирандагы саясий түзүлүшкө кызыгып көрдү. Маалыматтар ачык булактардан алынды.

Иран 1979-жылкы революцияда шах тактан кулагандан кийин Ислам республикасы деп негизделген.

Эң жогорку жетекчиси — аятолла.

Иранда теократия системасы орногон. Өлкөнү жогорку жетекчи башкарып, анын кызматы "вали-е факих-е ирон" деп аталат. Ал "чексиз укуктуу диний аалым" деп которулат. Ошондой эле ЖМКлар жогорку жетекчини аятолла (диний аалым) деп аташат. 1989-жылдан бери бул кызматты Али Хосейни Хаменеи аркалап келет. 

© AP Photo / Office of the Iranian Supreme Leader Верховный лидер Ирана Али Хаменеи
Иранда чечимдерди ким кабыл алат? Өлкөнүн саясий түзүлүшү тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Верховный лидер Ирана Али Хаменеи

Жогорку жетекчи бир топ ыйгарым укуктарга ээ, башкача айтканда, укуругу узун. Ал өлкөнүн ички жана сырткы саясатын тескейт, күч түзүмдөрүнүн башчыларын, Коргоочулар кеңешинин 12 мүчөсүнүн жарымын дайындайт. Ага Ислам революциясы коргоочулар корпусу баш ийет. Өлкөнүн жогорку кол башчысы болуп саналат. Ирандын Конституциясында бийликтин үч бутагы тең анын кол астында экени жазылган. Өлкө президенти дагы диний аалымга отчёт берет.

Мамлекет башчысын Эксперттер кеңеши шайлайт.

Ирандын президенти

Өлкөнүн экинчи адамы. Эл тарабынан төрт жылдык мөөнөт менен эки жолу шайланууга укуктуу. Анын кызматы башка өлкөлөрдүн премьер-министринин укуктары менен бирдей. Баса, Иранда премьер-министр кызматы жакында эле жоюлган. Президенттикке талапкерлер Коргоочулар кеңеши тарабынан аныкталат. Жогорку жетекчиге баш ийет, анын ишмердүүлүгүн парламент — межлис көзөмөлдөйт. Хасан Роухани президенттикке 2013-жылы келген, ал эми 2017-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. 

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүИрандын президенти Хасан Роухани
Иранда чечимдерди ким кабыл алат? Өлкөнүн саясий түзүлүшү тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Ирандын президенти Хасан Роухани

Ирандын өкмөтү

Өкмөт аткаруу бийлиги болуп эсептелет. 10 вице-президенттен жана 21 министрден турат. Алардын баары межлис тарабынан дайындалат.

Ирандын парламенти

Межлис же Ислам консультативдик кеңеши — бир палатадан турган парламент. Анын курамында 290 депутат бар, эл тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланышат. Межлис мыйзам долбоорлорун кабыл алып, эл аралык документтерди ратификациялайт.

Коргоочулардын конституциялык кеңеши

12 адамдан турат, жарымын жогорку жетекчи, калганын межлис дайындайт. Дал ушул орган Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө укуктуу. Ошондой эле президенттикке талапкерлерди аныктайт. Мыйзам долбоорлору шариаттын талаптарына ылайык келишине көз салат.

Эксперттер кеңеши

Башкы функциясы — өлкө башчынын тандоо. Кеңеш мүчөлөрүн сегиз жылдык мөөнөткө эл шайлайт. Дин аалымдарынын 86 өкүлүнөн турган кеңеш бир жылда эки жолу чогулат. Мындан тышкары, Эксперттер кеңеши жогорку жетекчини кызматтан алып кое алат, бирок буга чейин андай учур катталган эмес.

Ирандын соттору

Сот системасында Диний өзгөчө сот жана Революциялык сот бар. Бул эки соттун чечими акыркы болуп саналат. Мындан тышкары, элдик соттор жана Жогорку сот иш алып барат.

Ислам революциясынын коргоочулар корпусу

Встреча глав МИД РФ и Ирана С. Лаврова и М. Зарифа - Sputnik Кыргызстан
Ирандын ТИМ башчысы америкалык базага сокку уруунун себебин айтты
Бул аскерий элиталык бөлүм Ирандын лидерине түз баш ийет. Корпусту революциялык гвардия деп да аташат. ИРККнын милдети чоң. Негизинен өлкө армиясына Ирандын көз карандысыздыгын коргоого жардам көрсөтүп, табигый кырсыктар учурунда куткаруучу операцияларга катышып, чалгын жана контрчалгын иштерине көмөкчү болот. Куралдуу күчтөрдүн катарына кирет.

ИРККнын курамына Ирандан тыш аймакта атайын операцияларды жүргүзгөн "Аль-Кудс" элиталык бөлүм кирет. Касем Сулеймани дал ошол бөлүмдү жетектеп келген. Сулейманинин учурунда "Аль-Кудс" атайын бөлүк менен чалгындоону айкалыштырып, чет жактагы агенттердин түйүнү түзүлгөн. Ал Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде да иш алып барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0