Австралия: миллиардер өрттөн жабыркагандарга 48 миллион доллар бөлдү

© AFP / SAEED KHANПоследствия лесных пожаров в Австралии
Последствия лесных пожаров в Австралии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6,8 миллион доллар тоо кен жана айыл чарба тармактарында иштеген 1,2 миң кишиден турган коом түзүүгө сарпталат. Алар өрт жалмаган аймактарды калыбына келтирүүгө аракет кылышат.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Австралиялык миллиардер Эндрю Форрест өрттөн жабыркагандарга 48 миллион АКШ долларын бөлөрүн айтып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Форресттин айтымында, 6,8 миллион доллар тоо кен жана айыл чарба тармактарында иштеген 1,2 миң кишиден турган коом түзүүгө сарпталат. Алар өрт жалмаган аймактарды калыбына келтирүүгө аракет кылышат.

“Бизге сатуучу, электрик, жыгач уста, долбоор жетекчиси, куруучу, куткаруучу сыяктуу 1250 тажрыйбалуу адис керек”, — деди Форрест.

Дагы 7 миллионго жакын акчаны Кызыл ай коому, Куткаруу аскери сыяктуу уюмдар менен биргеликте жабыркагандарга жардам берүү үчүн сарпташат.

Австралиядагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Австралиядагы өрттөн миллиарддан ашык жан-жаныбар жок болду
Калган 34 миллиону өрткө каршы туруу боюнча улуттук концепцияны иштеп чыгууга жумшалат. Ошондой эле миллиардер өрттөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн фонд ачарын, ага каалаган адам каражат кошсо болорун айтты. Мындан тышкары, ал Австралиянын жабыркаган аймагын калыбына келтирүү үчүн дагы деле каражат аябасын кошумчалады.

Эске салсак, Жаңы Түштүк Уэльс штатында 2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрт беш миллион гектардан ашуун жерди жалмап, калк жашаган миңден ашуун турак жай күйгөн. Күндүн ысыгы жана шамал өрттү ого бетер күчөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0