Иранда кулаган украиналык учак

Тетиктери чачырап кетти. Иранда учактын кулаган учуру видеого түшүп калган

1053
(жаңыланган 14:10 09.01.2020)
8-январда кыйраган учактын ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары Тегеранда жүргүнчү ташыган учактын кулап түшкөн учуру тартылып калган ирмемди жарыялап жатат.

RT телеканалы Telegram каналына ирандык ЖМКлар чыгарган видеону жүктөдү. Андан лайнердин  бийиктиктен түшкөндө тетиктери чачырап кеткенин көрүүгө болот. Ошол эле учурда жалын каптаган.

Эскерте кетсек, 8-январь күнү эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800  лайнери бир аз убакыттан кийин эле жерге кулаган. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес. Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону айтылды.

Бул каргаша байланыштуу бүгүн, 9-январь, Украинада аза күтүү күнү деп жарыяланды.

1053
Белгилер:
өлүм, авиакырсык, Украина, Тегеран
Тема:
Иранда кулаган Украинанын учагы (23)
Тема боюнча
ТИМ: Иранда кыйраган учакта кыргызстандыктар болгон эмес
Ирандагы Украина учагынын кыймылдаткычы күйүп кетип кулаганы айтылды
Беларусь президенти Александр Лукашенко. Архив

Лукашенко президенттиктен кетүүнү сунуштаган Макронго жооп кайтарды

5
(жаңыланган 23:51 27.09.2020)
Лукашенко Париждин көчөлөрүнө чыккан “Сары кемселчендерди” Макрондун эсине салып, аны жетиле элек саясатчы катары сыпаттады.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко француз кесиптеши Эммануэль Макронду жетиле элек саясатчы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Макрон Лукашенкого президенттик постунан кетүүнү сунуштаган. Буга Беларусь башчысы жооп кайтарды.

“Эгер Макрондун логикасына таяна турган болсок анда ал өзү дагы эки жыл мурун эле, “Сары кемселчендер” Париждин көчөлөрүнө чыкканда кызматынан кетиши керек болчу”, - деген Лукашенко.

Ал ошондой эле Black Lives Matter кыймылынын жана Марсель менен Лиондогу мусулмандардын каршылык акцияларын эске салып, Минск ошол кыймылдын мүчөлөрү менен Макрондун сүйлөшүүлөрүнө аянтча болуп берүүгө даяр экенин белгиледи

Лукашенко анын француз кесиптеши Беларустагы шайлоого өтө эле көп көңүл буруп жатканын кошумчалаган.

Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

5
Белгилер:
Эммануэль Макрон, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти
(NaN:NaN / NaNMb / )

"Ты супер!" шоусунун төртүнчү сезону. Түз эфир

21
(жаңыланган 23:20 27.09.2020)
"Ты супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору.

Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. 20-сентябрда музыкалык конкурстун төртүнчү сезону башталган.

21
Белгилер:
вокал, балдар, шоу, НТВ, "Ты – супер" балдар долбоору
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Ты супер!" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Видео