Өкүлдөр палатасы Трамптын Иран боюнча ыйгарым укуктарын чектөөнү колдоду

© REUTERS / Mike SegarПрезидент США Дональд Трамп. Архивное фото0
Президент США Дональд Трамп. Архивное фото0 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Палатанын спикери Нэнси Пелоси Иранга каршы аскерий аракеттер тынчсызданууну жаратып жатканын айтып, аткаруучу бийлик конгрессти тийиштүү деңгээлде маалымдар кылбай жатканын билдирген.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. АКШ конгрессинин палата өкүлдөрү бейшемби күнү президент Дональд Трамптын Иранга каршы аскерий аракеттерди көрүшү боюнча ыйгарым укуктарын чектөөгө добуш беришти. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Тийиштүү резолюцияны палатанын көпчүлүк өкүлдөрү, тагыраагы, Трамптын каршылаштары болуп саналган демократтар партиясынын өкүлдөрү кабыл алган. Ага чейин палатанын спикери Нэнси Пелоси Иранга каршы аскерий аракеттер тынчсызданууну жаратып жатканын айтып, аткаруучу бийлик конгрессти тийиштүү деңгээлде маалымдар кылбай жатканын билдирген.

Кабыл алынган документтин мыйзамдуу күчү жок, сенат кабыл алган учурда деле президентке кол коюуга жиберилбейт. Бирок жогорку палатада документ жетиштүү добуш ала албай калышы мүмкүн, себеби ал жакта президенттин партиялаштары — республикачылар көп.

Мындайча айтканда, палатадагылар өзүнүн позициясын билдирди, иш жүзүндө Трамптын Иранга каршы аскерий аракеттерине тыюу салууга ыйгарым укугу жок.

АКШ менен Ирандын тиреши: Жакынкы Чыгыштагы абал тынчыйбы? - Sputnik Кыргызстан
АКШ менен Ирандын тиреши: Жакынкы Чыгыштагы абал тынчыйбы?
Американын Ирактагы "Эйн-аль-Асад" жана "Эрбиле" деп аталган аскерий базаларына 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысында 4.20) баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалган. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу операциясы башталганын жар салган.

Генералдын өлүмү жана өч алуу

Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0