Улуу Британия менен Канада премьерлери: Иранда кулаган учак атылган болушу мүмкүн

190
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары лайнер кокусунан ракета менен атылган деген пикирди айтышты. Иран бул билдирүүлөргө жооп берди. Ага чейин кырсыкты изилдөөдөгү алгачкы жыйынтыкты жарыялаган.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Улуу Британия менен Канада премьерлери — Борис Жонсон жана Жастин Трюдо кулаган украиналык учакты зениттик ракеталар атып түшүрүшү мүмкүн деген билдирүү жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Жонсон бул кокустуктан болуп кетиши мүмкүндүгүн айтып, аймактагы чыңалууну тезирээк жумшартып жана кырсыкты кенен, ар тараптан изилдөө керек деген пикирин билдирди.

"Учурда лайнер ирандык "жер-аба" ракетасы менен атып түшүрүлгөндүгү боюнча маалыматтар абдан көп болууда. Бул кокустан болушу мүмкүн. Биз Канада жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуудабыз, ачык жана кеңири иликтөө жүргүзүү зарыл", — деп айтылган Жонсондун ЖМКларга таратылган билдирүүсүндө.

Канада премьери Трюдо анын өлкөсүнүн чалгын кызматында "Украинанын эл аралык авиалиниясы" компаниясынын Boeing учагы Тегеранда ирандык ракетанын чабуулуна туш болгон деген маалымат бар экендигин айткан.

Буга чейин ВВС Вашингтон Оттавага Boeing 737-800 Ирандын зениттик-ракеталык комплексинин атканынан улам кулаган деген маалыматты өткөрүп бергендигин кабарлаган.

Мындай билдирүүлөргө Иран ТИМинин жетекчиси Аббас Мусави пикирин айтып, Канада менен Улуу Британиядан аба кырсыгы боюнча маалыматтар менен бөлүшүүнү суранган. Ал эми Ирандын Жарандык авиация уюмунун башчысы Али Абедзаде украиналык учакты ракета атып түшүрдү деген маалыматты четке каккан.

Тегеранда кулаган учак

2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган.

Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Учактын кулашына эмне себеп болгону айтылган алгачкы жыйынтык чыккандыгын Ирандын жарандык авиациясынан билдиришкен. Лайнер абада эле өрттөнүп баштаган.

190
Белгилер:
ракета, учак, Тегеран, Украина, Иран
Тема:
Иранда кулаган Украинанын учагы (22)
Тема боюнча
Улуу Британия менен Канада премьерлери: Иранда кулаган учак атылган болушу мүмкүн
Иран АКШны Украина учагынын кыйрашы боюнча иликтөөгө катышууга чакырды
Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

ЕТӨФ кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болду

4
(жаңыланган 13:22 10.08.2020)
Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын кесепеттерине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу Россиянын Финансы министрлигинин сайтында жазылды.

"Региондук финансылык механизм катары иш алып барган фонд башка эл аралык каржы институттары жана донорлор менен биргеликте катышуучу-мамлекеттерге маанилүү колдоолорду көрсөтүп келет. Бул алардын каржылык туруктуулугун камсыздап, пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн кризиске каршы улуттук программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет", — деген Финансы министри жана ЕТӨФ кеңешинин башчысы Антон Силуанов.

Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын экономика, финансы жана социалдык тармактарга тийгизген таасирине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

Өкмөт: Кытай баштаган бир катар өлкө Кыргызстандын карызын сурабай турат

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду — катышуучу-мамлекеттердин экономикаларын колдоодо регионалдык финансылык механизм болуп саналат. Анын каражатын эң көп Беларуссия алган. Аталган өлкөгө 5 миллиард доллар өлчөмүндө эки насыя менен бекитилген. Инвестициялык жана каржылык насыяларды, ошондой эле гранттар түрүндө каржылык колдоолорду Кыргызстандан сырткары Тажикстан менен Армения алып турат.

4
Белгилер:
каражат, насыя, Евразия, Кыргызстан
Тема боюнча
Былтыр банктар элге канча насыяны кандай максатта берген. Сандар
Карабаева: насыя боюнча жеңилдик алгандардын 28%ы соодагер
Ишканалардын дебитордук карызы көбөйдү. Статистика
Turkish Airlines авиакомпаниянын учактары Стамбулда. Архивдик сүрөт

Кыргызстан Түркия менен туруктуу аба каттамдарын жандантты

14
(жаңыланган 13:19 10.08.2020)
Учурда Республикалык ыкчам штаб бир катар алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен туруктуу аба каттамдарды кайрадан баштоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев айтты.

"Бүгүнкү күндөн тарта Түркия менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу каттамдарды түрктөрдүн эки, Кыргызстандын бир компаниясы аткара баштайт. Pegasus Airlines, Turkish Airlines жана Avia Traffic компаниялары аптасына эки жолудан учат", — деди Акышев.

Ошондой эле ал Кувейт жана Өзбекстандын авиакомпанияларынан туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сунуш түшкөнүн, учурда бул маселе Республикалык штабда каралып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Буга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы аба каттам кайра жанданганы айтылган эле. Алгачкы учактар 14, 21, 28-август күндөрү абага көтөрүлөт.

Ал эми россиялык "Аэрофлот" эпидемиологиялык абалга байланыштуу деп буга чейин пландалган август айындагы бардык каттамдарын токтоткон.

14
Белгилер:
пандемия, учак, каттам, Түркия, Кыргызстан
Тема боюнча
Дубай — Бишкек — Дубай каттамы жума сайын уча баштайт
Элчилик: Түркия Кыргызстан менен авиа байланышты жандантты
Баткен шаары. Архив

Баткен облусунда коомдук транспорт жүрө баштады

0
Баткен облусунда учурдагы кырдаал, бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо менен жандандырууга уруксат берилген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттун ишмердүүлүгүнө уруксат берилди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

"Баткен облусунда учурдагы кырдаал талап кылган бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо менен жандандырууга уруксат берилди. Мындай чечим коронавирус менен күрөшүү боюнча облустук штабда кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек: соода жана тамактануу жайлары, транспорт жаңы тартипте иштөөгө өтөт

Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автотранспортторду дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду.

Азырынча облустар аралык коомдук транспорттун каттоосуна уруксат бериле элек.

0
Белгилер:
чектөө, коронавирус, каттам, коомдук транспорт, Баткен облусу
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамдарды жандантты