Пентагон. Архивдик сүрөт

Пентагонду "эсине келтирүү". Иран АКШнын аскерий алсыздыгын ачыктады

(жаңыланган 16:00 12.01.2020)
Сулейманинин өлүмүнөн кийин Иран АКШнын Ирактагы аскердик базасына сокку урду. Вашингтон жооп бербестен элдешүүгө кадам таштагандай. Ак үйдүн чечимине эмне таасир этиши мүмкүн экенин Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко божомолдоду.

2020-жылдын башында чегине жеткен Америка-Иран тирешүүсү АКШ жана НАТОнун жогорку технологияга ээлик кылган атаандаш менен каршылашууга даяр эместигин көрсөттү. 3-январга караган түнү Иракта генерал Сулейманинин өлтүрүлүшү америкалыктардын аймакка тийгизген аскердик-саясий таасири үчүн кесепеттүү болуп калды. Тегерандын жообу АКШнын Жакынкы Чыгыштагы каршылаштарынын башын бириктирип, НАТО боюнча союздаштарынын колу-бутун байлап койду.

Ирандын ракеталык соккусу жөн гана коргонуу же өч алуу болгон жок. Ислам революциясынын колдоочулар корпусу (ИРКК) кесипкөйлүгүн жана курал-жарагынын кубатын көрсөттү. Американын ракеталык чабуулга каршы коргонуу каражаттары, биринчи кезекте Patriot зениттик-ракеталык комплекси Ирандын чыгарган ракеталарына каршылык көрсөтө албай калды. Менимче, бул Тегерандын жооп берерин билип, ракеталарынын кое берилишине көз салып туруп, каяша айта албай калган Пентагон үчүн чоң ачылыш болду.

Тараптар жана эксперттер ИРККнын ракеталык чабуулунун жыйынтыгын ар кандай баалашууда. Тегеран бир нече аскердик учактын жана АКШнын 80 аскер адамынын жок болгонун жар салды. Президент Дональд Трамп Twitter баракчасына: "Баары жайында!.. Мыкты жабдылган куралдуу күчтөр бизде", - деп жазды. Ал эми спутниктен тартылган сүрөттөн Ирандын ракеталары АКШнын Ирактагы Айн аль-Асад аскерий базасынын сегиз объектисин жок кылганын көрүүгө болот. Башкача айтканда, 300 чакырым алыстыкта туруп кое берилген ракеталардын бутага таамай тийиши тууралуу сөз болууда.

Куралдын кубаты

ИРКК АКШнын эки базасына 35 сокку жасалганын билдирип, "АКШнын базалары жайгашкан мамлекеттер Иранга каршы чыга турган болсо чабуулга тушугарын" эскертти.

Ирандын Tasnim маалымат агенттиги чабуулга Fateh — Fateh-313 баллистикалык ракеталары жана радарларга тоскоолдук жаратуучу система менен жабдылып, атылганда бир нече бутага тийчү Qiam ракеталары колдонулганын айтты.

Ирак армиясынын маалымат кызматы өлкө аймагына 22 ракета атылганын билдирди. Анын 17си Айн аль-Асад базасына (экөө жарылган эмес), беш ракета Эрбил аймагына түшкөн. Бардык ракеталар коалициянын объектилерине тийгени такталды, мында Ирак аскерлери жабыркаган эмес.

Ал эми Батыштын адистери менен Вашингтондогу расмий маалымат булактар Qiam-1 жана Zulfiqar баллистикалык ракетадан 15и түшүп, анын ону Айн аль-Асад базасындагы, бирөө Эрбилдеги объектиге тийгенин айтышууда (төртөө максатына жеткен эмес дешти). Балким, так маалымат ушул эки сандын ортосундадыр.

Qiam-1 — советтик Р-17 баллистикалык ракетасынын жакшыртылып, Ирандын мээлөө системасы менен жабдылган курал. Анын бутага тийчү башкы бөлүгүнүн салмагы 750 килограммды түзүп, 800 чакырымга чейин жетет. Ал эми Zulfiqar ирандык адистердин колунан чыккан. 2016-жылдан тарта пайдаланылып келет. Анын бутага тийчү башкы бөлүгүнүн салмагы — 500 килограмм, 700 чакырымга чейин учат. Эгер Иран чындап эле ушул куралдарды колдонгон болсо (ПВО үчүн анча татаал эмес), Американын Patriot комплекси кайда жүргөн? Эмнеге базаларга жакындаганда ракеталарды токтотуп калган эмес? Туруштук бере албайт беле?

АКШнын NPR басылмасы спутниктен тартылган сүрөттөрдү карап чыгып, жыйынтык чыгарды.

"Чабуулга тушуккан объектилердин абалы сокку бутага таамай тийгендей болуп турат. Ирандын ракеталык чабуулу Ирактагы Айн аль-Асад базасына бир топ зыян келтирди", — деп жазылат малыматта.

Мындай таамай сокку Иран баллистикалык эле эмес, канаттуу ракеталарды да колдонгонун божомолдоого жол берет.

"Мен эмес!..."

Пентагондун стратегдери аскердик күч боюнча түзүлгөн Global Firepower рейтингинде Иран 14-орунду ээлеп, Пакистан, Израиль, Түндүк Корея, Австралия, Испания жана Канададан жогору турарын билет болуш керек. Өлкө калкынын саны 83 миллион киши. Салыштыруу үчүн коңшу Иракта 38 миллион адам жашай турганын айта кетели.

Америкалыктардын Жакынкы Чыгыштагы нефть казган өлкөлөрүн багынтып алуу ниети түшүнүктүү, бирок реалдуулук менен да эсептешүү керек. Ирандын Куралдуу күчтөрү жарым миллион кишиден туруп, ИРКК жана светтик күчтөр деп бөлүнөт. Иранда өндүрүлгөн ракеталык түзүлүштөр Американыкына караганда көп (1900). 1600 танк, 3000ге чукул артиллериялык түзүлүш, 170тен ашуун сокку уруучу аппарат, өнүккөн ПВО системасын да эстен чыгарбаш керек. Батыш аналитиктеринин маалыматы боюнча, Ирандын Аскер-деңиз күчтөрүндөгү кемелеринин саны (398 бирдик) боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээлеп турат. АКШдан бир сап гана ылдый жайгашкан.

Пентагон генерал Касем Сулейманиге жасалган чабуулга АКШ президенти Дональд Трамп тарабынан "АКШнын чет жактагы кызматкерлерин коргоо үчүн" уруксат берилгенин айтты. Ирандын саясий иерархиясындагы үчүнчү адамды жок кылууну буйруп жатып америкалык генералдар менен президент кандай жыйынтык күткөнүн боолголоо кыйын. Тегеран АКШ армиясын террордук топ деп расмий жарыялап жиберет деп ойлобосо керек.

Анан калса, куралдуу тирешүү чыңалып турган маалда АКШнын союздаштары да таң калтырды. НАТО Сулейманинин өлтүрүлүшүн АКШнын жеке кабыл алган чечими экенин айтууга шашты. Сокку урулаар алдында Испания, Канада жана Хорватиянын аскердик бөлүктөрү Ирактан Кувейтке өтүп кетишти. Бир нече саат мурун литвалык аскерлер чыгып кетти. Ал эми Латвия эгер өкмөт парламенттин НАТО аскерлерин чыгаруу боюнча резолюциясын колдоп берсе, Ирактан таптакыр чыгып кетүүгө даяр экенин билдирди. Ага чейин Иран президенти Хасан Роухани Ирак парламенти АКШны өлкөдөн жана жалпы региондон чыгаруунун жолун тапканын жар салган.

Иран АКШнын Ирактагы базасына жасаган соккусун "эсине келтирүү" деп атады. Түзүлгөн кырдаалдан алып караганда, мындай аныктама өтө эле жумшактай сезилет. Ирандыктардын көбү үчүн улуттук баатыр болгон генералдын өлүмүнө кандай гана себеп, жүйө айтылбасын, АКШ өзү үчүн кесепеттүү жыйынтыкка ээ болду.

Белгилер:
куралдуу күчтөр, Аскер, НАТО, Ирак, абадан сокку, ракета, Иран, АКШ
Тема:
Ирандын АКШнын базасына сокку уруусу (19)
Тема боюнча
Трамп эмнеге Иранга согуш жарыялаган жок? Саресеп
Иран артка чегинди окшойт… Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасады
Беларустун ички иштер министрлигинин кызматкерлери.Архивдик сүрөт

ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды

(жаңыланган 03:18 18.04.2021)
Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.

Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.

"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.

Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.

Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.

Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.

Белгилер:
бийлик, мамлекеттик төңкөрүш, Өлтүрүү, ФСБ, Александр Лукашенко, Россия, Беларусь
Тема боюнча
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады
Военнослужащий войск НАТО во время учений в Латвии

"НАТОнун иши": россиялык чек араларда эмне башталмакчы? Сереп

(жаңыланган 20:11 17.04.2021)
Крымдын чектерин абадан чалгындоо, Кара деңиздеги НАТО кемелери, масштабдык окуулар жана АКШдан Украинага жеткирилген сырдуу жүктөр...

Соңку күндөрү түндүк атлантикалык альянс Чыгыш Европада кескин түрдө активдешти. Бул Киев тарабынан Донбасска чектешкен жерге аскердик бөлүк жана техниканы алпарууга, ошондой эле өлкө ичиндеги россиялык күчтөрдү жайгаштырууга болгон реакция экенин эч ким жашырбайт. Аталган чек араларда эмне болуп жатканын Андрей Коц талдап көргөн.

Фронттун үстүнөн көз салган учкучсуздар

Донбасста кырдаал дагы курчугандан бери НАТО өлкөлөрүнүн авиациясы бул жакта көп пайда боло баштады. Чектешкен жерде дайым асмандан RQ-4 Global Hawk дрон-чалгынчылары айланып, Донбасс эл республикасы, Луганск эл республикасынын армияларынын даярдыгына көз салууда. Анан, албетте, учкучсуздар менен тартылган сүрөттөр заматта киевдик жетекчилердин столуна жетери бышык. Украина куралдуу күчтөрүнүн өзү да абадан чалгындоону активдештирген. Элдик кошуунчулар Түркиядан сатып алынган Bayraktar TB2 сокку уруучу дрондорун дароо байкашкан. Жердеги буталарга чабуул коюшкан эмес, учкучсуз аппараттардын операторлору азырынча согуштук аракеттердин потенциалдуу театрын гана изилдөөдө.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ушул типтеги алты дрону бар. Дагы кошумча аппараттарды сатып алууга келишимге президент Владимир Зеленскийдин Түркияга болгон жакындагы эле иш сапарында кол коюлган. Мындан сырткары, батыш авиациясы дээрлик күн сайын Крымдын жээктерине байкоо салат.

Кара деңиздин бейтарап сууларын британиялык жана америкалык Boeing RC135W жана Lockheed P-3Corion радиоэлектрондук чалгындоо учактары, ошондой эле P-8Aposeidon айланат. Алардын негизги милдети – Кара деңиз флотунун кемелеринин багытына баам салып, жарым аралда уюштурулган аскердик топтордун абадан коргонуу позицияларын ачыктоо.

Сырдуу жүктөр

НАТО чөлкөмдө аскердик-деңиз күчтөрүн да бекемдөөдө. Апрелдин аягына дейре Кара деңизге АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн эки ракеталык эсминеци келүүгө тийиш. Пентагондун расмий версиясы боюнча кемелердин келиши "кадыресе мүнөздө". Бирок Кремль ага карата кескин көз карашта. Бул эсминецтер элүүдөн ашуун "Томагавк" канаттуу ракеталарын ташып жүрсө да таң калып болбойт.

"Кошмо Штаттардын Кара деңизде аскердик активдешүүсү, анын ичинде кемелери байма-бай өтүүдө, — деп белгилейт Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров. — Азыр бул абдан өзгөчө өжөрлүк, агрессивдүүлүк менен коштолууда. Россия Федерациясы Украинага чектешкен жерде эмне кылууда деп суроо салышууда. Жооп жөпжөнөкөй, биз ал жакта жашайбыз, бул биздин өлкө. Украинада НАТОнун алкагында ар кандай иш-чараларды уюштурган аскер кызматкерлери кемелери менен Кошмо Штаттар бул аймактарда – өз территориясынан миңдеген чакырым аралыкта эмне кылып жүрөт? Бул соболубуз жоопсуз калууда".

Ушундай эле дагы бир бүйүр кызыткан суроого жооп боло элек: Киевге АКШнын аскердик-аба күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учактары ташып жаткан жүк эмне? Адистер FlightRadar интернет-сервисинин көрсөткүчтөрүнө көңүл бурушат, анда "АКШ, Германия жана Прибалтикадан учуп чыккан америкалык C-17 жана C-130 Борисполь аэропортуна конуп, жүгүн түшүрүп, кайра учуп кетип жатышканы" боюнча маалымат камтылат. Аскердик эксперт Алексей Леонковдун пикиринде, Украинага Вашингтон радиоэлектрондук күрөш комплекстерин жеткирүүдө, бул Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн тез арадагы чабуулунан кабар бериши мүмкүн. Ал АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн "Чөлдөгү бороон" операциясындагы тактикасын мисалга келтирди. Ошондо жаңжалдын алгачкы күндөрү америкалыктар Саддам Хусейндин армиясына көз ачырган эмес.

Ушундай эле версия Донбасс эл республикасынын жетекчилигинин жакындагы эле билдирүүсүндө да кездешет. Анда аймакка аскердик техникалардын жапырт алып келинип жатканын жашыруу үчүн украиналык күчтөр ЕККУ (Европа коопсуздук-кызматташтык уюмунун) миссиясынын учкучсуздарынын башкаруу каналдарын жана GPS датчиктеринин сигналдарын басаңдатып жатканы айтылат. Анткен менен Россия да буга кол куушуруп отуруп калбайт.

"Эгер кырдаал курчуп кете турган болсо, албетте, биз өзүбүздүн жана жарандарыбыз кайда жүрүшпөсүн, коопсуздугун камсыздай турганыбыз шексиз, — деп белгилейт Россия ТИМ орун басары Сергей Рябков. — Мындай болжолдуу тирештин кесепетине жоопкерчилик толугу менен Киевде жана анын Батыштагы кураторлорунда болот. АКШга да биз Крымдан, Кара деңиздеги биздин жээктерден алыс турууну эскертебиз. Бул алардын өзүнө эле жакшы".

Машыгууларга даярдык

Россиялык чек араларга жакын батыш өлкөлөрүнүн күчтөрүнүн активдешүүсүнүн дагы бир себеби — НАТОнун Defender Europe 2021 машыгууларына даярдыгы. Ал келерки айдын ортосунда башталат. Окуулардын уламышына ылайык, НАТОнун күчтөрү Калининград областын алып, Россиянын батыш областтарын бөгөттөп, ошондой эле "орустардын жапырт чабуулунун" мизин кайтарышмакчы.

Мурдагы жылдардагыдан айырмаланып быйыл Чыгыш эмес, Түштүк Европага өзгөчө көңүл бурулат. Машыгуулар Черногория, Косово жана Албанияда өткөрүлмөкчү. Болгария жана Румынияда абадан коргонуу жана "жер – жер" классындагы ракеталар менен атуу боюнча машыгышат. Ал эми Венгрия бекем тыл болмокчу. Бул жылкы аскердик окууларга украиналык аскер кызматкерлери да катышат.

Америкалыктар Европага бир топ күчтү, анын ичинде 1-кавалериялык жана 82-аба-десанттык дивизиянын бөлүктөрүн алып бармакчы. Атлантика аркылуу ар кыл багыттагы аскердик техниканын жүздөгөн бирдигин жеткирет. Булардан сырткары Флорида штатынан 53-пехоталык бригадасын да катыштырат. Мурдагы машыгууларда адат болуп калгандай эле бул ирет да куралдардын бир бөлүгүн америкалыктар Европада "унутуп калары" ажеп эмес. Адистердин көз карашында, Пентагон ушундай амал менен жыл сайын чөлкөмдө чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүдө.

АКШнын Европадагы Кургактагы күчтөрүнүн расмий сайтында жарыяланган пресс-релизде быйылкы окуулар АКШнын НАТОдогу союздаштары жана өнөктөштөрүнүн ортосундагы стратегиялык жана ыкчам даярдыкты жана өз ара аракетти жогорулатууга багытталганы айтылат. Машыгуулар үчүнчү өлкөлөргө коркунуч туудурбай турганы баса белгиленет. Бирок Defender Europe 2021 окууларынын Россияга каршы күн тартиби айдан ачык.

Үч тараптуу байланыш тобундагы Украинанын спикери Алексей Арестович бул туурасында "окуунун маңызы Балтиядан Кара деңизге чейинки аймакта Россия менен согушка машыгууда" экенин ачык эле билдирген. Буга жооп катары Россия менен Беларусь сентябрда "Батыш – 2021" окууларын өткөрөрү турулуу иш. Мурда Беларусь коргоо министри Виктор Хренин билдиргендей, "чогуу машыгуулар жогорку урбанизацияланган жерлерде бирдиктүү штурмдук бөлүктөрдүн биргелешкен аракеттеринин жаңы ыкмаларын сыноого", ошондой эле "курал жана техниканын жаңы жана заманбап үлгүлөрүнүн майнаптуулугун баалоого" мүмкүндүк берет.

РФ коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, азырынча аталган өлкөнүн батыш чек араларына аскердик даярдыгын текшерүү алкагында эки армия жана аба-десанттык күчтөрдөн үч бирикме жеткирилген.

Белгилер:
Аскер, курал, Донбасс, Украина, машыгуу, Пентагон, чек ара, Россия, АКШ, НАТО
Тема боюнча
"Циркон" Россиянын жээктеринен батыш кемелерин "кубалады"
"Чогуу жооп беребиз". НАТО Россиядан сырткары кимден кооптонот?