Иран Украина учагын кокусунан атып түшүрүп алганын мойнуна алды

© Sputnik / Mazyar AsadiНа месте крушения пассажирского лайнера Украины Boeing 737-800
На месте крушения пассажирского лайнера Украины Boeing 737-800 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы штаб Boeing лайнерин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (ИРКК) аскерий объектисинин жанынан учуп бараткандыктан атып алган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Иранда кыйраган "Украинанын эл аралык авиалиниясы" компаниясынын жүргүнчү ташыган Boeing учагы "адам кетирген катанын" кесепетинен улам, кокусунан атып түшүрүлгөн. Бул туурасында Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргенин РИА Новости жазды. 

"Адамдын жаңылыштыгынын айынан бул учак кокусунан атып түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Башкы штаб кошумчалагандай, лайнерди Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (ИРКК) аскерий объектисинин жанынан учуп баратканда атып алышкан.

Иран ТИМ жетекчиси Жавад Зариф Twitter аккаунтуна авиакырсык "АКШ тарабынан жасалган авантюризм учурундагы кризистен" улам болгондугун билдирген.  Ал ошондой эле кырсыктан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

Тегеранда кулаган учак

Крушение украинского самолета Boeing 737 на окраине Тегерана - Sputnik Кыргызстан
Тетиктери чачырап кетти. Иранда учактын кулаган учуру видеого түшүп калган
2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган.

Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Учактын кулашына эмне себеп болгону айтылган алгачкы жыйынтык чыккандыгын Ирандын жарандык авиациясынан билдиришкен. Лайнер абада эле өрттөнүп баштаган.

Кырсыктан эки күндөн кийин Улуу Британия менен Канада премьерлери — Борис Жонсон жана Жастин Трюдо кулаган украиналык учакты зениттик ракеталар атып түшүрүшү мүмкүн деген билдирүү жасаган.  

Жаңылыктар түрмөгү
0