Кулаган Boeing: Зеленский Ирандын учак боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүДоклад президенту Украины В. Зеленскому о расследовании убийства журналиста П. Шеремета
Доклад президенту Украины В. Зеленскому о расследовании убийства журналиста П. Шеремета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-январда эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын учагы аз убакыттан кийин эле кулаган. Иран учак кокусунан атып түшүрүлгөнүн мойнуна алды.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Тегеранда кулаган МАУ компаниясынын жүргүнчү ташыган Boeing учагы боюнча Ирандын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Иран Украинанын жүргүнчү ташыган Boeing учагын "адам кетирген катанын" кесепетинен улам кокусунан атып түшүрүлгөнүн мойнуна алган.

"Украина Ирандан толугу менен күнөөнү мойнуна алышын күтөт. Ошондой эле расмий түрдө кечирим сурап, күнөөлүүлөр жазасын алып, компенсация төлөп беришин талап кылат", — деген Зеленский.

Тегеранда кулаган учак

2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган.

Крушение украинского самолета Boeing 737 на окраине Тегерана - Sputnik Кыргызстан
Тетиктери чачырап кетти. Иранда учактын кулаган учуру видеого түшүп калган
Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Учактын кулашына эмне себеп болгону айтылган алгачкы жыйынтык чыккандыгын Ирандын жарандык авиациясынан билдиришкен. Лайнер абада эле өрттөнүп баштаган.

Кырсыктан эки күндөн кийин Улуу Британия менен Канада премьерлери — Борис Жонсон жана Жастин Трюдо кулаган украиналык учакты зениттик ракеталар атып түшүрүшү мүмкүн деген билдирүү жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0