Желим бөтөлкө жутуп алып айласы куруган жылан. Индияда тартылган видео

© AP Photo / Nick UtЖылан. Архив
Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеону жергиликтүү токой кызматынын жумушчусу жарыялап, адамдарды экологияга аяр мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Индияда желим бөтөлкө жутуп алып кыйналып жаткан жыланды күбөлөр видеого тартып алган. Бул туурасында NDTV телеканалы жазды.

Питон стал жертвой своей добычи — медоед убил змею и прогнал шакалов. Видео - Sputnik Кыргызстан
Башын талкалап чайнап салды. Кашкулак менен жыландын кармашы видеодо
Видеону жергиликтүү токой кызматынын жумушчусу Парвин Касван Twitter баракчасына жарыялады. Кадрдан жылан жутуп алган бөтөлкөнү кайра чыгара албай кыйналып жатканын көрүүгө болот. Касван: "Караңыздарчы, желим бөтөлкөлөр жапайы жаратылышка кандай таасир этет. Бул силерди таң калтырышы мүмкүн", - деп жазган.

Аталган видеону эки күндө 50 миңден ашуун адам көргөн. Интернет колдонуучулары адамдар экологияга башкача көз караш менен карап, аяр мамиле кылышы керектигин жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0