Австрия "Түндүк агым — 2" долбооруна жарыяланган санкцияларды сынга алды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Түндүк агым — 2" түтүгүнүн курулуш иштери. Архив
Түндүк агым — 2 түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путиндин айтымында, газ түтүгүн куруу жана ишке берүү боюнча аракеттер 2020-жылдын соңунда же кийинки жылдын биринчи кварталында аякташы керек. Ал Москва аталган түтүктү чет элдик өнөктөштөрсүз деле өз алдынча бүтүрө аларын билдирген.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг "Түндүк агым — 2" долбооруна каршы жарыяланган санкцияларды сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Санкциялардын экстерриториалдык аракетин тааныбайбыз. Кабыл алынбайт", — деген ал Die Presse гезитине маек куруп жатып.

Министр түтүк Европанын энергия менен ар булактан камсыздалышын шарттап, Украинанын кызыкчылыгын көз жаздымда калтырбай турганын белгиледи.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Турецкую Республику - Sputnik Кыргызстан
Россия айткан сөзүнө турат. "Түрк агымынын" ачылышы буга ачык далил
Шалленбергдин айтымында, Вашингтон мындай сын экономикалык кызыкчылыктан улам айтылып жатканын жакшы түшүнөт. Ал эми Евробиримдикке өзүнүн суюлтулган жаратылыш газын жеткирүү боюнча АКШнын планы тууралуу суроого министр "Европанын кызыкчылыгы башка" экенин билдирди.

Министр Америка менен Европа өлкөлөрүнүн баалуулуктары бирдей экенин да белгилеп өттү. "Бирок биз 30 жыл мурунку ыкмаларды колдоно албайбыз. Дүйнө көп кырлуу болуп калды", — деди Шалленберг.

АКШнын санкциялары

20-декабрь күнү АКШ президенти Дональд Трамп 2020-жылга карата коргонуу бюджетине кол койгон. Анда "Түндүк агым — 2" жана "Түрк агымы" газ түтүктөрүнө каршы чектөөчү чаралар каралган.

Курулушка катышып жаткан компаниялардан АКШ ишти дароо токтотууну талап кылган. Буга Швейцариянын Allseas компаниясы макул болгон.

Россия президенти Владимир Путиндин айтымында, газ түтүгүн куруу жана ишке берүү боюнча аракеттер 2020-жылдын соңунда же кийинки жылдын биринчи кварталында аякташы керек. Ал Москва аталган түтүктү чет элдик өнөктөштөрсүз деле өз алдынча бүтүрө аларын билдирген. Маселе мөөнөттө гана.

"Түндүк агым — 2"

 Түндүк агым-2 газ түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФ министри: "Түндүк агым-2" курулушуна эч бир санкция жолтоо боло албайт
Долбоордо жылына 55 миллиард куб метр газ өткөрүүгө кудуреттүү эки газ түтүгүнүн курулушу каралган. Ал Россиядан Балтика деңизи аркылуу Германияга чейин жетет.

Долбоорго россиялык газдын транзитинен түшкөн кирешеден кол жууп каларынан корккон Украина менен Европага өзүнүн суюлтулган газын жеткирүүгө кызыкдар АКШ каршы чыккан. Алардан тышкары, Улуу Британия, Польша жана Балтика өлкөлөрү да курулушту токтотууну бир нече ирет талап кылышкан.

Владимир Путин Россия аталган газ түтүктөрүнүн курулушун экономикалык долбоор катары кабылдай турганын бир нече ирет айткан жайы бар. Москва аны таасир этүүчү инструмент катары карабоого чакырып келет. "Түндүк агым — 2" долбоорун Германия, Австрия жана Норвегия колдойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0