Кинотеатрда тасма көрүүнүн ден соолукка кандай пайдасы бар? Адистин жообу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРабота кинотеатра "Люксор" в Москве
Работа кинотеатра Люксор в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чоң экран, тасмага берилүү, кинотеатрдагы атмосфера адамдын каармандардын тагдырына көбүрөөк толгонуусуна шарт түзөт. Мындайда адреналин жогорулап, жүрөккө таасир этет.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кинотеатрда тасма көрүү машыгуу залына баргандай эле ден соолукка пайдалуу. Бул тууралуу Лондон университетинин (Улуу Британия) окумуштууларына шилтеме берип Daily Mail басылмасы жазды.

Салоны красоты в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Адамдар канткенде келбетине ыраазы болот? Окумуштуулардын жаңы изилдөөсү
Муну аныктоо үчүн илимпоздор 2019-жылы жарыкка чыккан Aladdin тасмасын көрүүгө келген 51 кишиге иликтөө жүргүзүп, алардын жүрөгүнүн согуусун сенсордук аппарат аркылуу карап турган.

Жыйынтыгында 45 мүнөт тасма көргөн адамдын жүрөгү машыгуу залында жеңил-желпи көнүгүүлөрдү жасаган же бир нече чакырымды жөө басып өткөндөй эле тездикте иштегенин аныкташкан.

"Чоң экран, тасмага берилүү, кинотеатрдагы атмосфера адамдын каармандардын тагдырына көбүрөөк толгонуусуна шарт түзөт. Мындайда адреналин жогорулап, жүрөккө таасир этет", — деп айтылат макалада.

Мындан тышкары, адам фильмдин сюжетин эстеп калууга аракет кылып, мээнин иштөөсүн жана эске тутуусун дагы жакшыртарын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0