Россия лидери Владимир Путин менен АКШнын 43-президенти Жорж Буш. Архивдик сүрөт

Владимир Путин менен Жорж Буштун сахнада бийлеген видеосу жарыяланды

1837
(жаңыланган 11:27 14.01.2020)
Кадрлар 2008-жылдын апрель айында Сочи шаарында тартылган. Бул Жорж Буштун президент макамында Путин менен болгон акыркы жолугушуусу эле.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин менен АКШнын 43-президенти Жорж Буш бийчилер менен бирге "Барыня" чыгармасына сахнага чыгып бийлеп жаткан видео жарыяланды.

Кадрлар 2008-жылдын апрель айында Сочи шаарында тартылган. Бул Жорж Буштун президент макамында Путин менен акыркы жолугушуусу болгонун RT телеканалы Telegram каналына жазды.

Ролик "Путин. 20 лет" (20.kremlin.ru) долбоорунун алкагында жүктөлдү.

Долбоор Кремлдин расмий сайтында былтыркы жылдын аягынан тарта башталган. Анда Путин өлкө жана өкмөт башында турган учурдагы уникалдуу 600 сүрөт менен 100 видеоролик жүктөлгөн.

1837
Белгилер:
сахна, бий, Жорж Буш, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Бийликтеги 20 жыл. Путиндин уникалдуу сүрөт жана видеолору жарыяланды