Кылымга созулган каршылашуудан соң мамиле оңолобу. Москва — Берлин алакасы

© Sputnik / Сергей ГунеевФлаги Германии и России
Флаги Германии и России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперт Ростислав Ищенко Россия менен Германиянын ортосунда пикир келишпестик жок деп эсептейт. Анын баамында, эки өлкөнүн көз карашы дүйнөдө болуп жаткан көп процесттер боюнча бирдей.

1-1,5 жыл мурда Германия канцлери Ангела Меркель менен Россия президенти Владимир Путин көбүнесе Украина боюнча сүйлөшүп келген. Кошуундун аракеттерин токтотуу керек эле, кээде канцлер Укранинанын кезектеги каалоосун ишке ашырууга жан үрөгөнү маалым. "Түндүк агым — 2" долбооруна да Украинанын кызыкчылыгын сактоо менен көңүл буруу керек болгон. Айтор, бул жааттагы маселе көп эле.

Түндүк агым — 2 түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Австрия "Түндүк агым — 2" долбооруна жарыяланган санкцияларды сынга алды
Бу жолкусунда баары башкача болду. Ишемби күнү, 11-январда, кескин бурулуш болуп, Москвада дүйнөлүк көйгөйлөр талкууланып, дайым сөз боло келген Украина темасы "алыста" калды.

Эл аралык саясатта өзүн өтө эле этият алып жүргөн, көндүм форматты бузбоого аракет кылып келген Германия бул ирет өз демилгеси менен салтка айланып калган күн тартибиндеги темаларды өзгөртүп жиберди. Россия го эбактан бери эле Германия менен кеңешип оокат кылууга каршы эмес болчу. Москва кокусунан каршылаштардын катарында туруп, андан жапа чеккен Берлинди дайым тилектеш, союздаш катары кабылдап келген.

Жасалма душмандашуу

XIX кылымдын аягынан тарта Россия менен Германиянын мамилеси башка өңүттө өнүгүп келди. Англосакстардын чагымчылыгы менен жүзөгө ашкан эки ири державанын каршылашуусу ич ара чыр-чатакта Россия менен Германиянын алсыроосун, эки өлкөнүн ресурсун ар кимдин өз пайдасы үчүн бөлүп алуусун шарттаган. Экономиканын, өнөр жайдын өсүүсү, технологиялык өнүгүүдөн кадам алдыда болгон эки элдин аң-сезими боюнча Россия менен Германия ХХ кылымдын биринчи жарымында эле дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдөн болушу керек эле. Бирок англо-саксондук интригалардан улам дүйнөлүк согуштарда эки мамлекет бири-бири менен согушууга мажбур болду.

К чему могут привести большие конфликты на Ближнем Востоке — мнение Путина. Видео - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө жүзү жабыркайт. Путин Жакынкы Чыгыштагы тиреш тууралуу
Кылымга созулган каршылашуунун ачуу даамы азыр деле сезилип турат. Москва менен Берлин стратегиялык өнөктөш тургай, союздаш да эмес. Германия мындай биримдиктин зарыл экенин эми гана түшүнүп келе жаткандай. Бирок Москвага акыркы жолу келишинде Меркель тарабынан сунушталган сүйлөшүүнүн түрү формалдуу мамилелердин өнүгүшүн күтүп отурбайт шекилдүү. Глобалдуу көйгөйлөрдү талкуулап жатып Россия менен Германия ортодо пикир келишпестик дээрлик жок экенин көрүп, бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан процесстер боюнча көз караштары да бирдей экенин аңдашты. Кризистен чыгуунун жолдору да окшош болуп, чырдуу маселелерди чечүүчү ыкмалары да бирдей болуп чыкты.

Акыркы жолугушууда эки лидер Жакынкы Чыгыштагы абал менен "Түндүк агым — 2" газ түтүгүнүн курулушун талкуулашты. Мөөнөтүнөн кечиксе да түтүк салынып бүтмөй болду. Путиндин болжолунда, курулуш ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында соңуна чыгат. Бул тууралуу айтып жатып экөө тең беделин, кадыр-баркын тобокелге салышты. Демек курулуш бүтөрү шексиз.

Жалпылык жакындатат

Жалпы көйгөйлөр, башкача айтканда, аларды жалпы чечүү мамлекеттерди жакындатат.

Эки өлкөнүн объективдүү кызыкчыктары жалпы маселелерди чечүү үчүн саясий-экономикалык биримдикти түзүүнү талап кылат. Ал эми НАТО жана Евробиримдиктин айланасындагы көйгөйлөрдү эске алсак, Берлин мындай биримдиктин түзүлүшүн колдойт эле болуш керек.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Турецкую Республику - Sputnik Кыргызстан
Россия айткан сөзүнө турат. "Түрк агымынын" ачылышы буга ачык далил
Албетте, россиялык-германиялык биримдикти түзүп кетүүгө Меркель жетишер-жетишпеси белгисиз, анткени бийликтеги мөөнөтү өтүп баратат. Бирок анын мураскору тандап алынган жолдон кайтып кетпегидей болушуна болгон күчүн жумшай турганы айкын болуп калды.

Менимче, Европа саясатынын көңүлү Чыгышка бурулуп жаткандай, мындан улам жаңыдан түзүлө баштаган Берлин — Москва — Пекин биримдигине Париж менен Рим да кошулуу ниетин билдиришти.

СССРдин кыйроосунан кийин Европада заман талабына ылайык таасир этүүчү чөйрөнү бөлүштүрүү башталды. Эми талаптар кайрадан өзгөрүүдө. Тарых кемесине кечиккендер бармагын тиштеп гана отуруп калчудай.

Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0