Япониянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Коидзуми Синдзиро. Архивдик сүрөт

Японияда биринчи жолу эркек министр декреттик өргүүгө чыкмай болду

465
(жаңыланган 13:28 15.01.2020)
Министр Коидзуми башка кесиптештерин да бала багуу үчүн тартынбай эмгек өргүү алууга чакырган. Ал баласы жарыкка келгенден үч ай убакыт өткөнчө эки жумалык эмгек өргүүгө чыга алат.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Япониянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Коидзуми Синдзиро январда жарыкка келе турган тун баласын кароо үчүн декреттик өргүүгө чыгууга ниеттенүүдө. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Коидзуми башка кесиптештерин дагы бала багуу үчүн тартынбай эле эмгек өргүү алууга чакырган.

Министр үч айдын ичинде жалпы жонунан эки жумалык өргүүгө чыгат. Коидзуми министр гана эмес, парламенттин да депутаты. Ал иш токтоп калбашы үчүн жумуштан эрте чыгып же үйдөн эмгектенип турат. Тагыраагы, жыйындарды видео аркылуу өткөрүп, кызматкерлер менен почта аркылуу байланышта болот.

Коиздуми декретке чыгуу тууралуу жубайы, белгилүү модель жана алып баруучу Такигава Кристель боюнда бар экенин билгенден кийин эле ойлоно баштаган. Муну либералдык-демократиялык партиянын консервативдүү өкүлдөрү сынга алган. Бирок министр япон коомчулугунун көз карашын өзгөртүү үчүн баланы кароо үчүн декретке чыгуу чечимин кабыл алган.

Япониянын мыйзамында бала кароого ата-эненин экөөнө тең бирдей уруксат берилгени менен аны көпчүлүк эркектер колдоно бербейт. Башкы себеп — аялын үйдүн камкорчусу көргөндөн тартынышат. Ошол эле учурда адистердин айтымында, эмгек өргүүнүн мындай түрүн жайылтуу премьер-министр Синдзо Абенин алдыга койгон эки максатын — баланын төрөлүшүн көбөйтүү жана аялдарды ишке тартууну ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.

465
Белгилер:
кароо, бала, эмгек өргүү, декрет, министр, Япония
Тема боюнча
ӨКМ Япониядан 263 миң долларлык жабдуу алды. Сүрөт
Ызаланган кыргыз келиндин Японияда ачкан кафесине эл келе баштады. Сүрөт