Лаборатория кызматкери. Архив

Кытайда тараган вирустун алгачкы белгилери айтылды

1010
(жаңыланган 15:42 15.01.2020)
Өткөн дем алышта коронавирустун жаңы түрү менен ооруган биринчи адам каза болду, эки күн мурун Таиландда дарыгерлер аталган ооруну жуктурган алгачкы бейтапты каттады.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кытайдан тарап жаткан коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолорун РИА Новости Ухань шаарынын саламаттык сактоо комитетинин маалыматына таянуу менен жазып чыкты.

Декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубей провинциясында белгисиз пневмониянын учуру катталган.

Эксперттер болжолдуу түрдө оорунун себептери коронавирустун жаңы түрү экендигин айтышууда. 11-январга карата медиктер коронавирустун жаңы түрү менен жабыркаган 41 адамды каттоого алган, бир адам каза тапты, аны менен бирге ооруга чалдыккандар менен тыгыз байланышта болгон медиктерди кошкондо бир нече адам көзөмөлгө алынган. Ошондой эле Таиландда аталган пневмония менен жабыркаган алгачкы адам катталды.

"Аталган оору алгачкы этабында дене табынын жогорулашы жана жөтөл менен коштолуп, узак убакытка жеңил абалда болот. Оору улгайган адамдар арасында жана башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетиши мүмкүн", — деп жазылат шаардык комитеттин билдирүүсүндө.

Коронавирус 30дан ашык вирустан турат. Биринчи жолу 1965-жылы бөлүп көрсөтүлгөн. Илдетке адамдар, жан-жаныбарлар, канаттуулар, мал чалдыгат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдагы тараган оорунун өнүгүшүнө байкоо салуу менен дарттын пайда болуу себептерин жана аны менен күрөшүү жолун табууга чакырык таштады.

1010
Белгилер:
вирус, Кытай
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (474)
Тема боюнча
Кытайда пайда болгон жаңы оору Кыргызстанга өтүшү мүмкүнбү? Министрликтин жообу
Акча аркылуу жугат, антибиотиктен коркпойт. Грипп тууралуу билип алыңыз