Россияда жумушчу мигранттарды пландык текшерүүдөн бошотуу сунушталууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн позициясы боюнча бул эреже кабыл алына турган болсо өлкө экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым болот.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Россияда мигранттарды жумушка алган ишканаларды пландык текшерүүдөн бошотуу сунушталууда. Мындай мыйзам долбоорду быйылкы жылдын күз айларында парламенттин кароосуна жөнөтүү пландалууда. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Өкмөттүн позициясына караганда, бул эреже кабыл алына турган болсо өлкө экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым болот. Демилгени алдыңкы ишкерлердин бирикмелери дагы колдоп жатат. Алардын пикиринде калктын саны азайып жаткандыгына байланыштуу чет өлкөлүк жумушчулар керек болууда.

"Эмгекке жарактуу курактагы адамдардын санынын азайышы алдыңкы 10 жыл ичинде негизги көйгөйлөрдүн бири болот. Жумушчу кадрлар өлкөгө керек", — деди "Опоры России" коомдук бирикмесинин жетекчиси Александр Калинин.

Анткен менен "Справедливая Россия" партиясы эгер бул сунуш колдоо тапса, Россиянын жарандары ишсиз калат деген пикирде. Буга бизнес арзан жумушчуларга качат деген жүйөнү келтирип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0