Россия Экинчи дүйнөлүк согуш боюнча ачык түрдөгү ири архивдик комплекс түзөт

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти тарыхты бурмалоого каршы туруу керектигин жана Жеңиш күнүнүн маанилүүлүгүн айтты.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Федералдык жыйында сүйлөгөн сөзүндө Россия Экинчи дүйнөлүк согуш боюнча бардыгына жеткиликтүү ачык түрдөгү архивдик документтердин ири комплексин түзөрүн билдирди.

Путиндин айтымында, мындай кадам жеңишке жеткен мамлекеттин милдети жана келечектеги муун алдында жоопкерчилиги болуп эсептелет.

Муну менен катар Путин Россия Улуу Ата Мекендик согуш туурасында чындыкты сактап калууга милдеттүү экенин жана тарыхты бурмалоого каршы туруу зарылдыгын белгиледи.

"9-май — Россия үчүн эң улуу жана ыйык майрам. Бул тарыхый окуяга көрсөтүлгөн сый-урмат гана болбостон, ал биздин келечекке кызмат кылат, биримдикти бекемдейт. Биз чындыкты коргошубуз керек, болбосо чындыкка дал келбеген маалымат дүйнөгө тарап кетсе балдарыбызга эмнени айтабыз? Биз жалган нерсеге жана тарыхты бурмалоо аракетине каршы турушубуз зарыл", — деди Путин.

Ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы майрамдалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0