БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өлкө башчынын демилгеси менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык өкмөт президенттин тийиштүү чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк бериши керек. Мындан улам өкмөт отставкага кетти. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн президент Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жолдоп, Баш мыйзамга олуттуу өзгөрүүлөр кирерин айткан.
"Владимир Владимирович бир катар өзгөрүүлөрдү белгиледи. Алар аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлигинин балансына таасир этет. Биз, өкмөт катары, президентке айтылган нерселерди ишке ашыруу үчүн тийиштүү чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мындан улам Конституциянын 117-беренесине ылайык, өкмөттүн отставкага кетишин туура деп эсептейм", — деди Медведев.
Путин өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, жакын арада ар бири менен өзүнчө жолугарын айтты.
Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын киргизип, аны Медведевге сунуштады.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирүү таратты.
Эскерте кетсек, мамлекеттик сапар 2-март күнү башталып, эки күнгө созулмакчы.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду мамлекет башчысы кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады. Андан соң тараптар мындан аркы алакалардын негизги багыттарын аныкташканын, диалогду бекемдөө боюнча пикир алышкандыгын айтып, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи.
Токаев өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин кошумчалады.
"Тескерисинче, биз өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилерин кароого ыкчам жана конструктивдүү мамиле жасоо ниетибизди билдирдик", — деди президент.
Касым-Жомарт Токаев Казакстан дагы өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү багытында бекем турарына ишендирип, кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров КР делегациясынын атынан казак тараптын жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди.
Жапаров эгемендүүлүк жылдарында өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы түптөлгөнүн жана кызматташуунун жогорку деңгээлине жетишилгенин, Казакстан жакынкы коңшу эле эмес, Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экендигин баса белгиледи.
Эки элдин кылымдарды карыткан биримдиги мындан ары да чыңдала берерине ишеним артып, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирди.
Коронавирус пандемиясы маалында Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүүдө, биринчи кезекте, алардын башка мамлекеттерден өз мекенине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүү маселелеринде эки өлкө ортосунда конструктивдүү кызматташуунун оң тажрыйбасы калыптангандыгын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүгүүнүн жаңы сапаттуу баскычына көтөрөрүнө, кыргыз-казак стратегиялык жана союздаштык мамилелери мындан дагы тереңдеп, кеңейе тургандыгына бекем ишенерин билдирди.
Жапаровду Казакстанга кимдер коштоп кеткенин да билип алыңыз.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Нур-Султандагы "Ак ордодо" жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчылар учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң президенттер Казакстандын мамлекеттик туусуна келип башын ийишти.
"Ак ордонун" фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.
Бута деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бута сөзүнүн орусча алганда "мишень" деген маанисин көпчүлүк билет.
"Эпосто Алмамбет Карагулду туткундап алайын дегенде ал "бутага сөзүң илинди, сенин буруттугуң билинди" деп билип калганы айтылат. Мында "сөзүң назарга илинди" деген мааниде айтылууда. Бул сөздү өтмө мааниде ар кандай колдонсо болот. Ошол эле учурда бутанын бир нече түз мааниси бар. Алсак, бута атып тийгизе турган атайын жер же буюм. Дагы бир маанисинде майда бадал жана дарактын бутактарын кыркууну дагы ушул сөз менен түшүндүрсө болот. Башка маанисинде баалуу кездеме же андан тигилген кийим дагы аталган сөз менен берилет", — деди Талантбеков.
Манасчы эпостогу колдонулбай калган ар бир сөз тилди байытууга көмөк болорун кошумчалады.