Жаш өтүп калганда көйгөйсүз бойго бүтүрүү үчүн кеңеш

© Фото / Pixabay / Kathrin PienaarОсложнение в беременности
Осложнение в беременности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашы 30-35тен өткөндөн кийин жакын арада же бир нече жылдан кийин балалуу болом деген келиндер интимдик байланышта жумасына жок эле дегенде эки ирет болуп турганы жакшы.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жашы 30-35ке барып калган аялдар бойго бүтүрүү үчүн кандай аракеттерди көрүү керектигин Лондон университетинин (Улуу Британия) окумуштуулары "Ар кайсы өлкөлөрдөгү аялдардын ден соолугу" (SWAN) долбоорунун алкагында иликтеп чыгышты. Анын жыйынтыгы тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Адистер ар кайсы курактагы 3 миң аялга сурамжылоо жүргүзгөн.

Маалыматка ылайык, жашы 30дан өткөндөн кийин жакын арада же бир нече жылдан кийин балалуу болом деген келиндер интимдик байланышта жумасына жок эле дегенде эки ирет болуп турганы жакшы.

"Аял сүйүктүүсү менен сейрек "көңүл ача" баштаган учурда организм ээсинин тукум улоо планы жок деп ойлоп, ай сайын болчу овуляциянын санын кыскартып салат. Тагыраагы, бир жылга бул процесс 12 жолу эмес, 5-6 гана жолу болуп калышы мүмкүн. Ага кеткен энергияны организм башка жактарга бөлүүнү туура көрөт", — деп айтылат макалада.

Беременность женщины - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар боюна бүтпөй жаткан аялга жардам берчү ыкманы аныкташты
Андыктан адистер келечекте төрөгүсү келген аялдарга интимдик жашоодо активдүү болууга үндөйт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аял 49 жашка чейин төрөсө болорун айтат. Бирок 35 жаштан кийин бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү акырындык менен азайып, 40 жаштан кийин аял кош бойлуу кезде жана төрөт учурунда медициналык жардамга көбүрөөк муктаж болуп калышы мүмкүн экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0