Мамдума Путин премьерликке сунуштаган Мишустинди жактырды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКандидат на пост премьер-министра РФ Михаил Мишустин
Кандидат на пост премьер-министра РФ Михаил Мишустин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-январда Россиянын Дмитрий Медведев жетектеген өкмөтү отставкага кетип, Владимир Путин премьер-министрдин кызматына Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштаган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасы президент Владимир Путин премьер-министрликке сунуштаган Михаил Мишустиндин талапкерлигин жактырды.

Мишустиндин өкмөттү жетектөөсү үчүн 383 депутат макул болуп, каршы чыккандар болгон эмес. Ал эми 41 депутат "калыс" экенин билдирген.

Финал конкурса управленцев Лидеры России в Сочи. День второй - Sputnik Кыргызстан
Путин премьерликке сунуштаган талапкер. Михаил Мишустин жөнүндө эмне белгилүү
Эске салсак, 15-январда Россиянын Дмитрий Медведев жетектеген өкмөтү отставкага кеткен. Бул кадамын Медведев Путиндин демилгеси менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык өкмөт президенттин тийиштүү чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берүү тилеги менен түшүндүргөн.

Көп өтпөй президент Владимир Путин премьер-министрдин кызматына Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштап, аны Мамлекеттик Думанын кароосуна жөнөткөн.

Михаил Мишустин 54 жашта. Экономика илимдеринин доктору. Буга чейин Кыймылсыз мүлк объектилеринин нарк каттам агенттиги, Өзгөчө экономикалык аймактарды башкаруу боюнча федералдык агенттиктиги сыяктуу ведомстволорду жетектеген. Ал эми Федералдык салык кызматынын башчылыгына 2010-жылы келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0