Путин Мишустинди премьер-министр кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү Россиянын премьер-министри болуп дайындалган Михаил Мишустин
 Россиянын премьер-министри болуп дайындалган Михаил Мишустин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Мишустиндин өкмөттү жетектөөсү үчүн 383 депутат макул болуп, каршы чыккандар болгон эмес.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Михаил Мишустинди премьер-министр кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Документ кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

Буга чейин Мишустиндин өкмөттү жетектөөсү үчүн 383 депутат макул болуп, каршы чыккандар болгон эмес. 41 депутат "калыс" экенин билдирген.

Финал конкурса управленцев Лидеры России в Сочи. День второй - Sputnik Кыргызстан
Путин премьерликке сунуштаган талапкер. Михаил Мишустин жөнүндө эмне белгилүү
Эске салсак, 15-январда Россиянын Дмитрий Медведев жетектеген өкмөтү отставкага кеткен. Бул кадамын Медведев Путиндин демилгеси менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык өкмөт президенттин тийиштүү чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берүү тилеги менен түшүндүргөн.

Көп өтпөй президент Владимир Путин премьер-министр кызматына Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштап, аны Мамлекеттик Думанын кароосуна жөнөткөн.

Михаил Мишустин 54 жашта. Экономика илимдеринин доктору. Буга чейин Кыймылсыз мүлк объектилеринин нарк каттам агенттиги, Өзгөчө экономикалык аймактарды башкаруу боюнча федералдык агенттиги сыяктуу ведомстволорду жетектеген. Ал эми Федералдык салык кызматынын башчылыгына 2010-жылы келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0